Sign In
ЕАЭБ менен ЖЖЭА айкалышуусу жана Биримдиктин Евразиядагы өнөктөштөр менен өз ара иш алып баруусун өнүктүрүү – бул маанилүү экономикалык потенциалга ээ кеңири аймакты аймакты түзүү мүмкүнчүлүгү

ЕАЭБ менен ЖЖЭА айкалышуусу жана Биримдиктин Евразиядагы өнөктөштөр менен өз ара иш алып баруусун өнүктүрүү – бул маанилүү экономикалык потенциалга ээ кеңири аймакты аймакты түзүү мүмкүнчүлүгү

27.05.16

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча Министри Вероника Никишина Астана экономикалык форумунун алкагында «Евразия экономикалык биримдиги жана ШКУ менен «Бир алкак, бир багыт» демилгесин бириктирүү» сессиясынын модератору болду.

Жаңы Жибек жолу экономикалык алкагын” түзүү концепциясын Кытай 2013-жылы сунуштаган. Анда транспорт инфраструктурасынын өз ара иш алып баруусу, үзгүлтүксүз жана тоскоолдуктарсыз соода жүргүзүү, рыноктордун ар тараптуу биригүүсү, регионалдык кооперациянын өнүгүшү, капиталды эркин которуу жана көп деңгээлдүү өкмөттөр аралык байланыш механизмдерин түзүү аркылуу саясый маселелерди координациялоо маселелери каралган.

Бул инновациялык демилге болуп саналат. Бул мурдагы түшүнүктөгү интеграциялык долбоор эмес. Ошол эле учурда ал, XXI кылымдын Жибек жолунун Деңиз алкагы аркылуу Азия-тынчокеан аймагындагы өнөктөштөр менен кызматташуу менен рыноктордун өз ара байланышын жогорулатууга жана Европаны, ЕАЭБ өлкөлөрүн, Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн кошо алганда, Ири Евразия мейкиндигине кирген көптөгөн элдерди биргелешип өнүктүрүүгө багытталган, - деп билдирди Вероника Никишина. – Биз үчүн ЕАЭБ алкагында бирдиктүү рыноктун жүрүшү менен ЖЖЭА долбоорун жүзөгө ашыруу жана Евразиядагы Индия, Иран, Пакистан сыяктуу тышкы өнөктөштөр менен анын байланышын күчөтүү – Евразиянын өнүгүшүнүн кеңири өз ара байланышуу аймагын түзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат, ал дүйнөлүк экономикада олуттуу потенциалга жана экономикалык салмакка ээ болмок”.

 “Жибек жолунун Экономикалык алкагы шексиз түрдө мына ушундай көп пландуу жана комплекстүү демилгелерге кирет, аларды жүзөгө ашырууда кызматташуу бардык катышуучуларга өз күчүн бириктирип, өлкө калкынын жыргалчылыкта жашоосун камсыз кылууга багытталган экономиканы өнүктүрүү, аны турукташтыруу жагында биргелешип иш алып барууда өзгөчө мүмкүнчүлүк берет. Бул, менимче, келечекте Евразия мейкиндигинде аны түптөөгө ниеттенген “экономикалык ландшафтка” түрткү берүүчүдөн болушу мүмкүн”, - деп баса белгиледи ЕЭК министри.