Sign In
ЕЭКте ЕАЭБ менен Иран ортосунда эркин соода жүргүзүү аймагы жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулашты

ЕЭКте ЕАЭБ менен Иран ортосунда эркин соода жүргүзүү аймагы жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулашты

27.05.16

26- жана 27-майда Евразия экономикалык комиссияда Евразия экономикалык биримдиги менен Иран Ислам Республикасы ортосунда эркин соода жүргүзүү аймагы жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө боюнча биргелешкен изилдөө тобунун отуруму болуп өттү. Иран тарабынан анын Вице-Президенти Садег Бигдели баштаган Иран соода жүргүзүүнү өнүктүрүү уюмунун делегациясы катышкан.

 “Биргелешкен изилдөө тобу ЕАЭБ менен Ирандын соода режимин иликтөө боюнча алгылыктуу иштерди аткарды, - деп билдирди  ЕЭКтин соода боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Вероника Никишина ирандык эксперттер менен жолугушуу учурунда. – Бул жолугушуунун жүрүшүндө болгон суроолорго жооп табууга жана Биргелешкен изилдөө тобунун ишинин акыркы стадиясына өтүүгө жетишебиз деп ойлойбуз”.

 Биргелешкен изилдөө тобунун иши ушул жылдын жай айларынын аягында жыйынтыкталышы күтүлүүдө.