Sign In
Михаил Мясникович жана Александр Лукашенко евразиялык интеграцияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Михаил Мясникович жана Александр Лукашенко евразиялык интеграцияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

27.02.20
27-февралда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Минск шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Президенти, ЖЕЭК Төрагасы Александр Лукашенко менен жолугушту. 

Тараптар евразиялык интеграцияны өнүктүрүү, Евразия экономикалык бирлигин бекемдөө, ошондой эле ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу маселелерин талкуулашты.

Александр Лукашенко баса белгилеп өткөндөй, Беларусь бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон классикалык принциптерге негизделген реалдуу интеграцияны колдойт.

"Ушул жылдын май айында биз Минстке интеграциянын 2025-жылга чейинки стратегиясына кол коюуну пландаштыруудабыз. Албетте, биз эч кандай жаңылууларсыз, бул стратегиянын орчундуу вариантын сунуш кылышыбыз зарыл", – деди Беларустун Президенти.

"Биз Евразия экономикалык бирлигин бардык деңгээлдерде бекемдөөгө тийишпиз. Беларусь төрагалык кылган жылы гана эмес, ар дайым мамлекеттердин интеграциясын өнүктүрүүгө салым кошуп келген, жана, Президент айткандай, мындан ары да конкреттүү салым кошо бермекчи", – деп Михаил Мясникович журналисттерге жолугушуунун натыйжалары боюнча билдирди.

27-28-февралда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жумушчу сапары менен Минскте болмокчу.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас, Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын Башчысы Игорь Сергеенко, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республика Кеңешинин Төрагасынын орун басары Анатолий Исаченко, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Дмитрий Крутой, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко менен жолугушуулар пландаштырылган.