Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая АКШ бизнес-коомчулугуна ЕАЭБ мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди

ЕЭК Министри Татьяна Валовая АКШ бизнес-коомчулугуна ЕАЭБ мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди

26.04.16
26-апрелде Вашингтондо (АКШ) Америкалык-Россиялык ишкердик кеңеш тарабынан уюштурулган тегерек столдо интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) максаттары, милдеттери жана перспективалары жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн АКШ менен соодасынын негизги маселелерин, анын ичинде параллелдүү импорт маселелерин талкуулашты. Биримдиктин жана АКШнын бизнес структураларынын өкүлдөрүнүн салттуу жакшы мамилелерин эске алуу менен, өз ара инвестициялар жана кызматташтыкты түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр туурасында пикир алмашуулар болду.