Sign In
ЕЭКтин Мунай жана газ боюнча консультативдик комитети ЕАЭБтин газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү маселелерин карады

ЕЭКтин Мунай жана газ боюнча консультативдик комитети ЕАЭБтин газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү маселелерин карады

26.04.16

25-апрелде Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министри) Данил Ибраевдин төрагалыгы алдында Мунай жана газ боюнча консультативдик комитеттин отуруму болуп өттү. Отурумда мунайгаз чөйрөсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү концепциясынын долбоору каралды. Ал азыркы учурда макулдашуунун акыркы стадиясында жана Өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна чыгарылат.  Ошондой эле Биримдиктин газ боюнча жалпы рыногун түзүүнүн программасын иштеп чыгуу талкууланды.  Иш чаранын катышуучулары тийиштүү жумушчу топтун алкагында Программанын түзүмүнүн долбоорун жеткире иштеп чыгууну чечишти.

Отурумга ЕАЭБ мамлекеттеринин мунайгаз чөйрөсүндөгү маселелер менен алектенген ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, мунайгаз компанияларынын, Биримдик өлкөлөрүнүн  бизнес-коомчулугунун, ЕЭКтин өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын катышуучулары ЕАЭБ менен Жибек жолунун Экономикалык алкагынын энергетика жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндө байланыштыруу боюнча иштерин уюштурууну талкуулашты.  Мындан тышкары, Биримдиктин ички рыногунда тоскоолдуктар, алып коюулар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу маселелери, ошондой эле  мүчө мамлекеттердин газтранспорт системалары боюнча газды транспортировкалоо чөйрөсүндө табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткини камсыздоо шарттарын аткаруу маселелери талкууланды.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү отурумдун жыйынтыктары боюнча тийиштүү жумушчу топтордун алкагында аталган маселелерди иштеп чыгып, жана аларды Консультативдик комитеттин 2016-жылдын июнь айында өтө турган кезектеги отурумунда кароону чечишти.