Sign In
Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодалашууда техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө келишимди даярдайт

Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодалашууда техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө келишимди даярдайт

26.04.16

25-26-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодалашууда техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө эл аралык келишимдин долбоору каралды.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында өткөн бул отурумга Келишимди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана эксперттери, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кызматкерлери катышышты. 

Аталган эл аралык келишимдин долбоору Комиссия тарабынан, 
Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге жана Актыларды даярдоонун жумушчу планына ылайык, эң мыкты эл аралык тажрыйбаны, ДСУнун Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуусунда аныкталган эрежелерди жана принциптерди эске алуу менен даярдалган.

Документтин долбоорунда үчүнчү өлкөлөр, жана ошондой эле алардын интеграциялык бирикмелери жана эл аралык уюмдары менен соодалашууда тоскоолдуктарды четтетүүгө ык-амалдар, андай тоскоолдуктарды четтетүүнүн механизмдери, анын ичинде шайкештикти баалоонун жыйынтыктарын өз ара таануу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздаган механизмдер аныкталган.

Эки күндүк жумуштун жүрүшүндө отурумдун катышуучулары Келишимдин долбоору боюнча сунуштарды талкуулашты. Аталган Келишим долбоору ал сунуштарды эске алуу менен Комиссия тарабынан жеткире иштелип чыгарылган.

Комиссия жана Биримдик өлкөлөрү Келишимди кабыл алуу боюнча дагы көптөгөн иштерди аткаруусу керектигин белгилөө менен Министр Валерий Корешков мындай деп баса белгиледи: “Үчүнчү өлкөлөр жана ири интеграциялык бирикмелер менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү Биримдикти өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Бул биздин мамлекеттердин башчыларына Казакстан Республикасынын  Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин кайрылуусунда бекитилген, Казакстандын төрагалыгынын приоритеттеринде чагылдырылган. Келишимди кабыл алуу соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү жагында өз ара мамилелерди өнүктүрүү механизмдерин орнотууга мүмкүндүк берет, ал эми бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукциясынын товар жүгүртүү коопсуздугуна, сапатына жана деңгээлине оң таасирин тийгизет. 

Талкуунун жыйынтыктарын эске алуу менен Келишимдин долбоору жакын арада мамлекет ичиндеги макулдашуу жол-жобосун өткөрүү үчүн Биримдиктин мамлекеттерине жөнөтүлөт.