Sign In
Сергей Глазьев фармацевтиканы, маалыматтык жана биоинженердик технологияларды өнүктрүүнүн эсебинен ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүшкө демилге берүүгө чакырды

Сергей Глазьев фармацевтиканы, маалыматтык жана биоинженердик технологияларды өнүктрүүнүн эсебинен ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүшкө демилге берүүгө чакырды

26.11.20
Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери азырынча дүйнөлүк өсүш темптеринен аша алган жок. Көп жагынан бул өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан макроэкономикалык саясатка байланыштуу. Экономикалык өсүштү жаңы технологиялык тартиптин драйверлери болуп саналган тармактарды өнүктүрүүнүн эсебинен демилгелөөгө болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 26-ноябрда "COVID-19 пандемиясы: симптомдору жана дүйнөлүк экономиканы дарылоо" деп аталган эл аралык семинарда билдирди.

Сергей Глазьев баса белгилеп өткөндөй, пандемия дүйнөлүк экономикадагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдү олуттуу түрдө тездетти. Өлкөлөрдө экономикалык өнүгүүнү башкаруу тутумунун натыйжалуулугуна жараша дүйнөлүк экономиканын дифференциацияланышы орун алууда. Атап айтканда, дүйнөлүк активдүүлүктүн борбору Түштүк-Чыгыш Азияга жылууда. Бул жылы өсүштүн оң темптерин көрсөткөн жалгыз өлкө – бул Кытай.

"ЕАЭБ мамлекеттерине келсек, биз азырынча дүйнөлүк өсүш темптеринен жогору темптерге чыга алган жокпуз, – деди Сергей Глазьев. – Менин пикирим боюнча, бул көбүнчө учурда жүргүзүлүп жаткан макроэкономикалык саясатка байланыштуу. ЕАЭБ мамлекеттеринде капиталды чогултуу ченемдери өтө төмөн, инвестициялык активдүүлүктү өстүрүү темптери төмөн, капиталдын агып чыгышы улантылууда, бул экономикалык өнүгүүнү башкаруу тутуму оптималдуу түрдө иштебей жаткандыгын күбөлөндүрөт".

Ал ЕАЭБ өлкөлөрүндө жаңы технологиялык тартиптин драйверлери болуп саналган тармактарда өсүш байкалып жаткандыгына көңүл бурду.

"ЕАЭБ мамлекеттеринде фармацевтикадагы, медициналык препараттарды, медициналык буюмдарды өндүрүүдөгү тез өсүш жана жалпысынан эле саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү экономикалык активдүүлүктүн өсүшү өзүнө көңүл бурууда", – деп белгиледи Сергей Глазьев.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча, 2020-жылдын январь-октябрь айларында фармацевтикалык препараттарды өндүрүү 2019-жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырмалуу Арменияда 23,5%га, Беларуста – 11%га, Казакстанда – 40%га, Кыргызстанда – 180%га, Россияда – 21%га өскөн.

ЕЭК министри маалыматташтыруу, биоинженердик технологиялар, роботтоштуруу, санариптик технологияларды киргизүү менен байланыштуу тенденциялар тездөөдө жана ЕАЭБ өлкөлөрү мезгилден артта калбашы керек деп кошумчалады. Ал жаңы технологиялык тартиптин маңызынын мамлекеттери валюталык контроль ченемдерин сакташууда, капиталдын чек ара аралык кыймылын катуу көзөмөлдөшүүдө, акча-кредит саясатына тандап мамиле жасашууда, инвестицияларды кредиттөөнүн максаттуу аспаптарын түзүү аркылуу инвестициялык активдүүлүккө түрткү беришүүдө, экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттарын узак мөөнөттүү арзан кредиттөөнү камсыз кылышууда, акча жүгүртүүнү катуу мамлекеттик контроль астында кармашууда деп баса белгиледи.

Сергей Глазьев жаңы шарттарда эл аралык экономикалык кызматташтыктын негизги багыты дүйнөлүк экономиканы либералдаштыруу эмес, ар кайсы өлкөлөрдүн биргелешкен инвестициялардын, биринчи кезекте инфраструктуралык инвестициялардын айланасындагы атаандаштык артыкчылыктарын айкалыштыруу болууда деп констатациялады.

"Биз Евразия экономикалык бирлигинде "Бир алкак – Бир жол" демилгеси менен байланышуунун алкагында Кытай менен активдүү өз ара аракеттенүүдөбүз. Биздин кызматташтыктын өзөгү биздин атаандаштык артыкчылыктарыбызды айкалыштыруунун негизиндеги биргелешкен инвестициялар жана макулдашууда бекитилген жалпы эрежелер болуп саналат", – деп Сергей Глазьев корутундулады.

Эл аралык макроэкономикалык семинар Мамлекеттер аралык банк менен биргеликте ЕЭК тарабынан өткөрүлүүдө. Семинар салттуу түрдө дүйнөлүк жана регионалдык экономиканын өнүгүүсүнүн эң актуалдуу чакырыктарын жана тобокелдиктерин талкуулоого, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин интеграциялык кызматташтыгынын перспективдүү багыттарына арналган. Талкууда эл аралык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин, улуттук жана улуттан жогорку жөнгө салуучу органдардын, өнүгүү институттарынын жана илимий коомдоштуктардын өкүлдөрү катышышты.​