Sign In
Словакиянын ишкердик коомдоштуктары ЕАЭБдин жана ЕБнын кыйла тыгызыраак өз ара аракеттенүүсүнө кызыкдар

Словакиянын ишкердик коомдоштуктары ЕАЭБдин жана ЕБнын кыйла тыгызыраак өз ара аракеттенүүсүнө кызыкдар

26.11.19

Чет элдик компаниялардын ЕАЭБдин аймагында иштеши маселелерине арналган эл аралык конференциянын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Европа бирлигинин (ЕБ) ортосунда толук кандуу диалогду орнотуу зарылчылыгы тууралуу билдиришти. Конференция 21-ноябрда Братиславада (Словакия) болуп өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясынын башчысы – Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно иш-чаранын катышуучуларын ЕАЭБдин беш жылдык ишинин жыйынтыктары жана анын өнүгүү перспективалары жөнүндө маалымдады.

"Бирлик институционалдык жактан калыптанды жана анын мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык стабилдүүлүгүн камсыз кылды. Бирликтин өлкөлөрүнүн башчылары  заманбап экономикалык реалдуулукка жооп бере ала тургандай кылып, интеграцияны андан ары өнүктүрүүнү көздөшүүдө. Интеграциянын жаңы багыттары ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын негизин түздү, жана бүгүнкү күндө Комиссия Декларациянын жоболорун конкреттештирүүгө жана өнүктүрүүгө жана ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти оптималдаштырууга багытталган стратегиялык документтин үстүнөн иштөөдө", – деди Сергей Шухно.

ЕЭК делегациясынын башчысы, Европа бирлиги ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн негизги технологиялык жана соода-инвестициялык өнөктөш бойдон калууда деп белгилөө менен, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Словакия жана жалпы эле ЕБ менен соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө айтып берди. Ошол эле мезгилде ЕБнын экспорттоочулары ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда Азия-Тынч океан регионундагы атаандаштарынан артта калууну улантышууда. Сергей Шухно мындай жагдайды түзөтүү зарылчылыгын белгиледи жана буга европалык өнөктөштөр менен биргелешкен иш өбөлгө түзмөкчү деген ишеничин билдирди.

Братислава Соода-өнөр жай палатасынын башкармасынын төрагасы Игорь Юнас Европада жана Азияда орун алып жаткан интеграциялык процесстер сапат жагынан жаңы соода-экономикалык өз ара аракеттенүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө деп баса белгиледи. Кызматташтыкты Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен салттуу бекем байланыштарына таянуу менен өнүктүрүү зарыл. Бирликтер аралык диалогду жолго коюу темасында сөз кылып жатып, Игорь Юнас аталган өз ара аракеттенүүнүн потенциалын ишке ашыруу Словакиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн глобалдык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн толук сактоого жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми азыркы шарттарда рынокторго өз ара чыгууну жеңилдетүү негизги милдет болуп саналат деп баса белгиледи.

Ошондой эле, ЕЭК өкүлдөрү словакиялык тарапты техникалык жөнгө салуу, СФС-чараларды колдонуу жана ЕАЭБдин өнөр жай саясатын өткөрүү, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграциянын ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда иштеп жаткан же ага кирүүнү пландаштырып жаткан чет өлкөлүк бизнес үчүн таасирлери тууралуу маалымдашты.

 Маалымат

Братиславадагы Эл аралык конференция Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Словакия Республикасындагы дипломатиялык миссияларынын менен биргеликте Россия Федерациясынын Элчилиги тарабынан уюштурулду. Атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер А. Федотов, И. Лещеня, Б. Джусупов, Казакстан Республикасынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Д. Изанова, ошондой эле Россия Федерациясынын соода өкүлү С. Ступарь саламдашуу баяндамалары менен чыгып сүйлөштү.

Иш-чарага Словакиянын 100дөн ашуун ишкерлери, анын ичинде чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү катышышты.