Sign In
ЕЭК Министри Тимур Сулейменов: "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык туруктуулугун камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү - Биримдиктин туруктуу экономикалык өсүшүнүн эң маанилүү факторлору"

ЕЭК Министри Тимур Сулейменов: "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык туруктуулугун камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү - Биримдиктин туруктуу экономикалык өсүшүнүн эң маанилүү факторлору"

26.10.15

23-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржылык саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов Верона шаарында өткөн "Бирге жаңы саясий диалогго жана экономикалык мамилелерге инновациялык көз карашка" IV Евразиялык форумунда чыгып сүйлөп, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин каржылык туруктуулугун камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү - Биримдиктин туруктуу экономикалык өсүшүнүн эң маанилүү факторлору экенин белгиледи.


Форумда ЕАЭБ жана ЕСтин өз ара иштешүүсү, экономика жана каржы, энергетика жана энергетикалык коопсуздук, айлана чөйрө, өнүмдөр жана агроиндустрия, инфраструктура, инновациялык ишканалар, жаңы бизнес-долбоорлор сыяктуу темалар талкууланды.


Форумдун катышуучуларынын арасында - элчилер, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн министрлери, Европалык комиссиянын өкүлдөрү, мамлекеттик ишмерлер жана форумдун катышуучу өлкөлөрүнүн система түзүүчү кооперацияларынын жетекчилери болушту. Иш чарага ЕС жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 1000 ашуун катышуучулар катышышты.


Тимур Сулейменов өз баяндамасында мындай деп белгиледи: "Биздин жолугушуу Евразия экономикалык биримдигинин ар биринин жана ошондой эле бүтүндөй интеграциялык бирикменин келечектеги өнүгүүсүнө көптөгөн чакырыктар менен коштолгон татаал экономикалык жагдайда өтүп жатат. ЕАЭБ өлкөлөрү дүйнөдөгү экономикалык каатчылыктын жаңы толкунунун, чийки зат товарларына дүйнөлүк баалардын түшүүсүнүн терс таасирин сезип жатышат. Аймактык интеграциялык процесстер бүгүнкү күндө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнүн, инвестициялык кызматташтыктын активдешүүсүнүн, биргелешкен келечектүү долбоорлорду жүзөгө ашыруунун эң маанилүү факторуна айланууда”.


ЕЭК өкүлү белгилеп өткөндөй, бүгүнкү күндө ЕАЭБ жөнүндө келишимдин алкагында мүчө мамлекеттердин жалпы финансылык рыногун түзүү, жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылынын жолундагы кедергилерди четтетүү, жашоо деңгээлин жогорулатуу жана биздин өлкөлөрдүн калкынын иш менен камсыз болушунун шарттары боюнча чоң жана пландаштырылган иштер жүргүзүлүүдө.


Каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү жаатында, капиталдын эркин кыймылын камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында Маалымат алмашуу, анын ичинде каржы чөйрөсүндө купуя маалыматтарды алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.


Мындан тышкары, Насыялык тарыхтын курамына кирген маалыматтарды алмашуу боюнча ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин өз ара иштешүүсү жөнүндө макулдашуунун долбоору үстүндө иштер жүргүзүлүүдө. Макулдашуу насыя алуу маселелери боюнча финансылык институттарга кайрылууда Биримдиктин өлкөлөрүнүн жарандары жана ишкердиктин субъектилери үчүн басмырланбаган шарттарды түзүүгө жана Биримдиктин масштабында чек ара аралык насыялоонун көлөмдөрү жогорулаган шартта насыялык уюмдардын насыялык тобокелдерден корголуусун жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, документтин максаты - насыялык тобокелге байланыштуу орун алган терс факторлордун таасирин азайтуу жаатында финансылык рыноктордун катышуучуларынын ортосунда өз ара иштешүүнү уюштуруу үчүн укуктук талаа түзүү.


ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча Министри Тимур Сулейменовдун айтымында, Комиссия ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин брокерлерин жана дилерлерин улуттук фондулук биржаларга өз ара киргизүү жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иш жүргүзүүдө. Документте Биримдиктин мамлекеттеринин улуттук биржаларына брокерлерди жана дилерлерди кошумча каттоосуз (уруксаттамасыз) киргизүү каралат. Бул тартип улуттук биржаларга брокерлердин жана дилерлердин ЕАЭБ мамлекетинин ыйгарымдуу органы тарабынан берилген уруксаттамаларын таанууга укук берет. Бул укуктук ченемдерди жүзөгө ашыруу Биримдиктин алкагында капиталдын эркин кыймылына өбөлгө түзөт, бул биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүш арымдарынын жогорулашынын факторлорунун бири болуп калмакчы.


Акциздик саясат чөйрөсү боюнча да документтер иштелип чыгарылууда. Атап айтканда, ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринин алкоголь жана тамеки продукцияларына акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүү принциптери жөнүндө макулдашуулардын долбоорлору даярдалган. Бул документтер алкоголь жана тамеки продукцияларына акциз ченемдерин айкалыштыруу (жакындаштыруу) жолу менен ЕАЭБнын акцизделүүчү продукцияларынын бирдиктүү рыногун калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.


ЕЭК Министринин айтымында, Биримдиктин өлкөлөрүнүн интеграциялык кызматташтыгынын приоритеттүү багыттарынын бири кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү болуп саналат, ал компаниялардын ишмердүүлүктөрүн жандандыруу жана бизнес-түзүмдөрүнүн өз ара иштешүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кыйла кеңейтет.


Бүгүнкү күндө бирдиктүү рынок 43 кызмат көрсөтүү сектору боюнча иштеп жатканын белгилей кетүү абзел. Жалпысынан алганда бул болжолу менен ЕАЭБга мүчө мамлекеттер сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн 50% га жакын көлөмүн түзөт. Алардын ичинен 23 кызмат көрсөтүү сектору боюнча бирдиктүү рынокту түзүү Биримдиктин бардык мүчө мамлекеттери үчүн 2015-жылдын 1-январынан тарта жүзөгө ашырылууда. 8 сектор боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу 2015-жылдын 1-январынан тарта Беларусь Республикасы жана Россия Федерациясы үчүн түзүлгөн, Армения Республикасы үчүн - үстүбүздөгү жылдын 12-майынан тарта, Кыргыз Республикасы үчүн 2015-жылдын 16-октябрынан тарта; Казакстан Республикасы үчүн - либералдаштыруунун пландарына ылайык, бирок 2025-жылдын 1-январынан кечиктирилбестен түзүлүшү керек. Казакстан Республикасы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелери 6 кызмат көрсөтүү сектору боюнча 2016-жылдын 1-январынан баштап иштей баштайт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелери дагы 6 кызмат көрсөтүү сектору боюнча Казакстан Республикасы үчүн колдонулбайт.


16-октябрда ЕАЭБнын беш өлкөсүнүн Президенттеринин катышуусу менен өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси бекитилип, алар боюнча Биримдиктин алкагында бирдиктүү рынокту түзүү либералдаштыруу пландарына ылайык, өткөөл мезгил аралыгында ишке ашырылат. 2016-жылдын 1-июлуна чейин ар бир конкреттүү кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рынок абалына өтүүсүнүн датасы көрсөтүлгөн либералдаштыруу пландары ("жол карталары") даярдалып жана Биримдик мамлекеттеринин башчыларынын кароосуна берилиши күтүлөт.


Бул милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында, 21 кызмат көрсөтүү сектору боюнча тийиштүү жумушчу топтор түзүлөт, алардын негизги милдети "жол карталарын" ишке ашыруу болот. Айрым кызмат көрсөтүү секторлорунда мыйзамдарды айкалыштыруу жүргүзүлдү (талап болгон жерлеринде), мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын административдик кызматташуусу уюштурулду.


Бирдиктүү рынокту түзүү евразиялык мейкиндикте интеграцияны өнүктүрүү логикасынан, бизнестин керектөөлөрүнөн улам жана ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык ишке ашырылууда. Биримдикте кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун түзүлүшү Биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылын камсыздоого өбөлгө түзөт, бул мүчө өлкөлөрдүн экономикалык интеграциясынын деңгээлине да таасирин тийгизет.


Сөзүнүн аягында ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча Министри Тимур Сулейменов Евразия экономикалык биримдигинин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эң ири соода өнөктөшү болуп эсептелген Европа союзунун кызматташуусунун актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп өттү. "ЕСтин жана ЕАЭБнын атаандаштык артыкчылыктарынын айкалышы "кош рентаны" - технологиялык (ЕС тарабынан) жана жаратылыштык (ЕАЭБ тарабынан) - максималдуу натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада, Лиссабондон Владивостокко чейинки мейкиндиктеги бардык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу жагында алгылыктуу ийгиликтерге жетише алабыз", - деп баса белгиледи Тимур Сулейменов.

Маалымат:


ЕАЭБ жөнүндө келишимде мүчө-мамлекеттер Биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жылуусуна жетишүү максатында кызмат көрсөтүү секторлорунун максималдуу санында бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүүгө жана анын иштешин камсыздоого умтула тургандыгы болжолдонот. Мында интеграциялык бирикменин алкагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу мүчө-мамлекеттердин жана Комиссиянын макулдашылган сунуштарынын негизинде мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕАК) тарабынан бекитилген секторлордо, ошондой эле Жогорку кеңеш тарабынан бекитилген, бул секторлордо бирдиктүү рынокту түзүүнүн тартибин жана этаптарын аныктоочу, либералдаштыруу пландарынын негизинде өткөөл мезгил аркылуу иштейт.


Кызмат көрсөтүүлөр рыногу, биринчи кезекте, сезгич чөйрөлөрдө калыптанган Мисалы, бул курулуш кызмат көрсөтүүлөрү (кызмат көрсөтүүлөр сектору Армениянын, Беларустун жана Россиянын ортосунда түзүлөт; Казакстан ага 2016-жылдын 1-январында кошулат), чекене жана дүң соода, айыл чарбасына тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо, иштетүү, жыйноо, мейманкана бизнеси, бизнес-консультация берүү, салыктык жана бухгалтердик эсеп, ландшафттык долбоорлоо, илимий-изилдөө изилдөөлөр.

Экинчи этапта өткөөл мезгил аркылуу бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун калыптандыруу пландалууда. Бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногуна кызмат көрсөтүүнүн 21 сектору чыгат: капиталдык курулуштун өзгөчө кооптуу жана техникалык татаал объекттери бөлүгүндө жарандык курулуш объекттерин жабдуу боюнча курулуш иштери, инженер жаатындагы, шаар куруу долбоорлоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр, жарнама, аудит жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр, кыймылсыз мүлк менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр, мүлктү баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, туроператорлордун жана турагенттиктердин кызмат көрсөтүүлөрү, техникалык сыноолор жана анализдер боюнча кызмат көрсөтүүлөр, геологиялык, геофизикалык жана изилдөө иштеринин башка түрлөрү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, маркшейдердик тартуу, картография, аба ырайын болжолдоо жана метеорология боюнча кызмат көрсөтүүлөр, өндүрүү жана жайылтуу менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр, отчеттуулукту жана бухгалтердик эсепти түзүү, илимий-изилдөө иштерин өткөрүү, коомдук жана гуманитардык илимдер жаатындагы киргизүүлөр, прикладдык изилдөөлөр бөлүгүндө табигый илимдер чөйрөсүндө тажрыйбалуу иштелмелерди түзүү жааттарындагы кызмат көрсөтүүлөр. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелери камсыздалышы керек болгон секторлордун тизмеги, этап-этабы менен жана макулдашылган кеңейтүүгө, анын ичинде алып коюуларды жана чектөөлөрдү этап-этабы менен кыскартуу аркылуу кеңейтүүгө жатат, бул интеграциялык долбоорду бекемдейт.