Sign In
ЕЭК ЕАЭБнын чек ара аралык рынокторундагы өнөр жай чөйрөсүндө атаандаштыкты адвокаттоо боюнча эл аралык конфенренция өткөрдү

ЕЭК ЕАЭБнын чек ара аралык рынокторундагы өнөр жай чөйрөсүндө атаандаштыкты адвокаттоо боюнча эл аралык конфенренция өткөрдү

23.10.15

22-октябрда Астана шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Нурлан Алдабергеновдун төрагалыгы алдында "Евразия экономикалык биримдигинин чек ара аралык рынокторундагы өнөр жай чөйрөсүндө атаандаштыкты адвокаттоо" эл аралык конференциясы болуп өттү.


Конференцияда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды табуу жана токтотуу максатында, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторунда атаандаштыктын абалын изилдөөнүн жыйынтыктары айтылды; мындан тышкары, жүктөрдү темир жол транспорту менен ташуу рыногуна жүргүзүлгөн талдоо, Биримдиктин өлкөлөрүндө роумингдеги байланыш кызматына баалар, нысапсыз атаандаштык учурлары, ошондой эле "параллель" импортун мыйзамдаштыруу маселеси каралды.


Конференциянын ишине ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаттары, Биримдиктин монополияга каршы органдарынын жетекчилери, Түркиянын Атаандаштык ведомствосунун президенти Омер Турлак, Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматынын жетекчиси Ким Санг-Кю, ошондой эле илимий чөйрөлөрдүн жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.


2015-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБнын чек ара аралык рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу, улуттар үстүндөгү монополияга каршы орган иштей баштаган; Биримдиктин монополияга каршы ченемдик укуктук базасы түзүлгөн; ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкештөө иштери жакын арада аяктамакчы.


Казакстан Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамына Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекет башчылары тарабынан бекитилген "Атаандаштык жөнүндө" Моделдик мыйзамынын ченемдеринин 90% имплементацияланган. Салыштыра турган болсок, жана Моделдик мыйзамдын ченемдерин имплементациялоонун деңгээли Беларуста 60% жана Россияда 94% түзгөн.


Монополияга каршы орган катары ЕЭКтин ишинин негизги багыттарынын бири болуп, атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды табуу жана токтотуу максатында, ЕАЭБнын чек ара аралык рынокторунда атаандаштыктын абалын изилдөө, ошондой эле чек ара аралык товардык рынокторго кирүүдө административдик жана башка тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө сунуштарды даярдоо болуп саналат.


Жүктөрдү темир жол транспорту менен ташуу рыногунажүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, ЕАЭБнын унификацияланган (ички) тарифтери менен салыштырмалуу, КМШнын темир жолдук макулдашууларынын алкагында транзиттик тарифтерди колдонуу жүк ташуулардын баасы 2-3 эсе жогорулашына алып келет. Мындай жагдай дүйнөлүк товардык рыноктордо Биримдиктин товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. ЕАЭБ жөнүндө келишим күчүнө киргенден кийин казакстандык жүктөрдү темир жол транспорту менен үчүнчү өлкөлөргө Россия Федерациясынын порттору аркылуу ташууда унификацияланган (ички) тарифтер колдонулат. Анткен менен, эгер транзит россиялык порттор аркылуу эмес аткарылса, казакстандык жүк жөнөтүүчүлөр ташуулар үчүн көбүрөөк төлөп калышат: контейнерлердеги ферроэритмелер үчүн - 1,7 эсе; көмүр үчүн - 2,3 эсе; алюминий үчүн - 2,1 эсе. Кургак чек аралык өтүүлөр аркылуу транзитте унификацияланган тарифтерге өтүүдөн Казакстан Республикасынын жүк жөнөтүүчүлөрүнүн үнөмү 329 млн АКШ долларына бааланат, Россия Федерациясыныкы - 246 млн АКШ долларына, Беларусь Республикасыныкы - 14 млн АКШ долларына. Казакстандын негизги экспорттук товарларына дүйнөлүк баалар төмөндөгөн шартта, ЕАЭБда транзиттик тарифтерди теңдөө өндүрүүчүлөргө темир жол экспорттук жүк ташууларында үнөмдөөгө мүмкүндүк берет: ферроэритмелерди ташууда - 1,7 млрд теңгеге чейин, көмүр ташууда - 14 млрд теңгеге чейин, алюминий ташууда - 500 млн теңгеге чейин үнөмдөлөт.


Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча жана товарларды ЕАЭБдан ташып чыгарууда жана ЕАЭБга ташып киргизүүдө темир жол транзитиндеги тарифтерди теңдөө боюнча сунуштарды кароо үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында, ЕАЭБнын монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин жана ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы саясат маселелерин караган Министринин кезектеги кеңешмесинде кароо пландаштырат.


Чек ара аралык рынокто уюлдук байланыштын роумингдеги кызматы жагында ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин жашоочулары Биримдикте байланыштын роумингдеги кызматынын кымбат болушуна тиешелүү көйгөйлөйргө дуушар болушууда. Комиссия Евразия экономикалык биримдигинин монополияга каршы органдары менен бирдикте роумингдин адилеттүү принциптерин иштеп чыгып жана жайылта баштаган. Аны колдонуу менен ЕАЭБнын ири уюлдук байланыш операторлору роумингдеги абоненттер үчүн тарифтерди жигердүү төмөндөтө башташты. ЕАЭБ аймагында уюлдук байланыштын роумингдеги кызматына тарифтерди төмөндөтүү маселелерине Атаандаштык жана монополияга каршы комитетченин кеңейтилген отуруму арналат, отурумду өткөрүү 2015-жылдын 30-октябрына пландаштырылган. 2016-жылы Комиссия бул багытта иштерди улантмакчы.


Чек ара аралык рыноктордо өндүрүүчүлөр атаандаштык күрөшүнүн тыюу салынган ыкмаларын колдонуу менен атаандаштарынын алдында негизсиз артыкчылык алган нысапсыз атаандаштык орун алышы ыктымал, мисалы: керектөөчүлөрдү товардын санына, сапатына, керектөөчүлүк касиеттерине, өндүрүлгөн жерине жана башка касиеттерине байланыштуу алдоо, атаандаш жөнүндө жана анын товарлары жөнүндө жалган маалымат берүү ж.б.


Казакстандын дүкөндөрүнүн текчелеринде "Атамекен" деп аталган, Беларусияда өндүрүлгөн концентрацияланган стерилденген сүттү кезиктирүүгө болот, анын таңгагынын дизайнында тоолордун жана казак оймо-чиймелеринин фонунда боз үйдүн сүрөтү колдонулган. Эгер өндүрүүчү керектөөчүлөр бул өнүмдү казакстандык деп кабыл алынышына ниеттенсе, жана бул анын тандоосун шарттайт, бул факт нысапсыз атаандаштык акты катары кабыл алынышы мүмкүн. Ошондой эле рынокко "Казакстан" деп аталган, белоруссиялык концентрацияланган стерилдеген сүт чыгарылган. Комиссия нысапсыз атаандаштык болушу мүмкүн болгон фактылар боюнча тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.


"Параллель" импортун мыйзамдаштыруу маселеси актуалдуу болуп эсептелет. "Параллель" импортко тыюу салынган шартта бааларды салыштыруунун жыйынтыгында, мисалы "Фосаванс" дары каражатынын баасы Улуу Британияда Казакстандагыга караганда 2 эсе төмөн экени аныкталган. Казакстандагы расмий дилерлерден сатып алынган «Caterpillar» (АКШ) жабдуусунун баасы Россия Федерациясындагы баага салыштырмалуу 28%га кымбат. "Параллель" импортту мыйзамдаштыруу ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Ошондуктан Комиссия ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрү менен биргеликте товарлардын төмөнкү топторуна карата укуктарды аягына чыгаруунун эл аралык принцибин талкуулоо зарылчылыгын талкуулоодо: медициналык техника, дары каражаттары, станоктор жана жабдуулар, автоунаа тетиктеир, электр жана турмуш тиричилик техникасы, кийим, парфюмериялык – косметикалык продукция, спорттук шаймандар.


Конференциянын алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документте мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу чөйрөсүндө маалымат жана тажрыйба алмашуу жолу менен кызматташууну өнүктүрүү; укуктук жөнгө салуу, технологиялык камсыздоо, электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутумун мыктылоо маселелери, ошондой эле башка изилдөөлөр боюнча биргелешкен мониторинг жана консультацияларды өткөрүү каралган.


Конференциянын жыйынтыгы боюнча анын катышуучуларынын атаандаштыкты адвокаттоо боюнча мындан аркы биргелешкен иштерин аныктаган резолюция кабыл алынган. Документтин максаты атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыздоо, атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга жол бербөө, ЕАЭБнын чек ара аралык товардык рынокторунда бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү болуп эсептелет.