Sign In
ЕЭК Министри Карине Минасян: "Жагымсыз тышкы факторлорго карабастан, Армения кээ бир позициялар боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту бир нече эсе жогорулата алды"

ЕЭК Министри Карине Минасян: "Жагымсыз тышкы факторлорго карабастан, Армения кээ бир позициялар боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту бир нече эсе жогорулата алды"

26.10.15

23-октябрда Ереванда ММТИИ (МГИМО) бүтүрүүчүлөрүнүн III эл аралык форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Карине Минасян мүчө өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүүсүндө Евразия экономикалык биримдигинин ролу жөнүндө айтып берди.

Форумга Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Россия Федерациясынын тышкы иштер Министри Сергей Лавров, РИА академиги, ММТИИ ректору Анатолий Торкунов, Армения Республикасынын тышкы иштер Министри Эдвард Налбандян, башка өлкөлөрдүн, атап айтканда, Венгриянын, Вьетнамдын, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө Карине Минасян глобалдык экономикалык архитектурада аймакташтыруунун ролун белгилеп өттү. ЕЭК Министринин айтымында, аймакташтыруу - өз ара иштешүүнүн экономикалык өсүүгө жана өнүгүүгө өбөлгө түзгөн жаңы форматтарын табууга болгон объективдүү аракети болуп келүүдө. "Евразия экономикалык биримдиги - дүйнөнүн интеграциялык картасындагы долбоорлордун бири, ага кирген өлкөлөрдүн тарыхы бир болгону анын өзгөчөлүгү болуп эсептелет, - деди ЕЭК Министри. - Биримдиктин мейкиндиги - 180 млн ашуун калкы бар рынок, ал ДСУ ченемдери жана эрежелери боюнча иштейт жана өсүү даремети жогору. Биримдиктин беш өлкөсүнүн төртөө ДСУ мүчөсү болуп эсептелет. ЕАЭБ өзүнүн жалпы келечекти түзүүгө багытталган интеграциялык үлгүлөрүн түзө алат".

Карине Минасян эскерте кеткендей, Евразия экономикалык биримдиги өз ишин оор мезгилде баштады, анын ичинде, энергоалыпжүрүүчүлөргө болгон бааларга, валюталык рыноктогу жагдайга байланыштуу. Бирок башка жагынан алып караганда, көпчүлүк эксперттердин баамы боюнча, түзүлгөн жагымсыз шарттарда сооданын көлөмдөрүнүн түшүшү, эгер Биримдик болбогондо, мындан да терең болмок. Ал эми кээ бир позициялар боюнча Армения, эч нерсеге карабастан, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун бир нече эсе жогорулата алды.