Sign In
ЕАЭБдин энергоресурстарынын жалпы рыноктору 2025-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт

ЕАЭБдин энергоресурстарынын жалпы рыноктору 2025-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт

_P9A9402.jpg
26.09.19

«Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун ишинин биринчи күнүнүн алкагында «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) энергетикалык ресурстарынын жалпы рыноктору: энергокоопсуздукту жогорулатуу фактору жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган панелдик сессия болуп өттү.


Аталган иш-чара Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиевдин төрагалыгы астында өткөрүлдү. Ошондой эле, ага Беларусь Республикасынын энергетика министринин орун басары Вадим Закревский жана Кыргызстандын Улуттук энергохолдингинин төрагасы Айтмамат Назаров катышышты.

 
«Биздин Бирлик энергоресурстарды өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлешин белгилей кетүү зарыл. ЕАЭБдин жыйынды энергетикалык потенциалы олуттуу, ал эми аны натыйжалуу пайдалануу эң эле ар түрдүү чакырыктарга күчтүү жооп болууга жөндөмдүү», – деди Эмиль Кайкиев.


ЕАЭБде жалпы электроэнергия рыногун түзүү тездик менен өрчүүдө. Ушул жылдын май айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери Бирликтин жалпы электроэнергия рыногу жөнүндө эл аралык келишимге кол коюшту. Документ ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун түзүүнүн, анын иштешинин жана өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле анда Бирликтин органдарынын тийиштүү ыйгарым укуктары каралган. Ошону менен бирге анда электроэнергетика тармагындагы табигый монополия субъектилеринин Бирликтин жалпы электроэнергия рыногундагы кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсү, алардын ишмердигин жөнгө салуу жана контролдоо жөнүндө жоболор аныкталган.

 

Жалпы электроэнергия рыногунун ишин баштоо үчүн өлкөлөр документтер топтомун даярдап, бекитиши зарыл. Кеп Бирликтин жалпы электроэнергия рыногунун иштөөсүнүн төрт эрежесинин долбоорлору, ошондой эле борборлоштурулган сооданын регламенттери жөнүндө болууда. Кийинчерээк бул документтер жөнгө салуучу таасирдин болушуна баалоодон жана Бирликтин органдары тарабынан жактыруу жол-жоболорунан өтөт. Бул, ЕЭК өлкөлөр менен биргеликте аткарышы керек болгон, чоң иш болуп саналат. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесин жана профилдик ведомстволорун тартуу менен ар кандай деңгээлдердеги талкуулар кирет. Эмиль Кайкиев билдиргендей, жакынкы убакытта Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин аталган актыларды кабыл алуу мөөнөттөрүн белгилеген чечими даярдалмакчы. Алардын баары 2025-жылдын 1-январынан кеч эмес күчүнө кирүүгө тийиш.


Аталган эрежелер топтомдук күчүнө киргенден кийин гана жалпы электроэнергия рыногу ишке киргизилиши мүмкүн. Бирок, баштапкы энергоресурстардын наркынын электроэнергия өндүрүүчүлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасирин жана газ менен иштеген электр станцияларынын чоң үлүшүн эске алуу менен, генерациялоо түзүмүндө, Бирликтин жалпы электроэнергия рыногу баштапкы энергоресурстардын жалпы рыноктору түзүлгөндөн кийин гана толук масштабдуу жана толук кандуу иштеп баштай алат.


Комиссия өлкөлөр менен биргеликте Бирликтин жалпы газ, мунай жана мунай өндүмдөрү рыногун түзүүгө даярдык көрүүдө, алар 2025-жылдан кеч эмес иштеп башташы мүмкүн. 2018-жылдын 6-декабрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери аталган рынокторду түзүүнүн программаларын бекитишкен. Эксперттер аталган рыноктордун ишке киргизилиши «бешилтиктин» мамлекеттеринин ИДӨсүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет.


«Энергоресурстардын түзүлүп жаткан рыноктору Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүнүн энергокомпаниялары үчүн ачык. Жалпы рыноктордун архитектурасы мүчө мамлекеттердин газды ташуу жана жеткирүү, ошондой эле мунай жана мунай өнүмдөрүн казып алуу, кайра иштетүү жана жеткирүү жаатындагы чарба жүргүзүүчү субъектилеринин ортосунда түздөн-түз өз ара аракеттенүүнүн болушун караштырат. Жалпы рыноктордо соода жүргүзүү тике келишимдер боюнча да, биржа аянтчаларында да ишке ашырылмакчы», – деп белгиледи Эмиль Кайкиев.


Мындан сырткары, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторунун толук кандуу ишке киргизилиши мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъектилери жана калкы үчүн алардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, көз карандысыз өндүрүүчүлөр үчүн сатуу рынокторун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми бул натыйжада аяккы керектөөчүлөр үчүн мунай өнүмдөрүнүн наркынын төмөндөшүнө таасир бериши мүмкүн.

Бирликтин энергоресурстарынын жалпы рынокторунун түзүлүшү экономикалардын туруктуу өнүгүшүнө, калктын жыргалчылыгын жогорулатууга, ошондой эле энергокоопсуздукту бекемдөөгө жана ЕАЭБде өндүрүлгөн товарлардын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Мунун баары Бирликтин интеграциялык фундаментин бекемдөөгө олуттуу салым кошушу жана жалпы эле Евразия регионунун күчтүү өнүгүү фактору болуп калышы мүмкүн.


Ошондой эле, тегерек столдун жүрүшүндө энергокоопсуздук жана энергонатыйжалуулук контекстинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн отун-энергетикалык комплекстеринин абалы жана аларды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мындан сырткары, Бирликтин энергетика рынокторун өнүктүрүүнүн стратегиялык маселелерин чечүүгө бизнести тартуунун перспективаларына көңүл бурулду.


Маалымат


«Евразия жумалыгы» форуму – ЕАЭБ өлкөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу иш-чара. 2019-жылы форум Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекте өткөрүлмөкчү. Иш-чаранын күн тартиби Бирлик жөнүндө келишимдин беш жылдыгынын жыйынтыктарын талкуулоого багытталган. «Евразия жумалыгынын» программасында үч трек боюнча 20дан ашуун аянтчаларды уюштуруу каралган: стратегиялык, өнөктөштүк, жаштар тректери. Форумда 2000ден ашуун адам катышууда.

 

Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгынын» сайтынан алууга болот www.eurasianweek.com.