Sign In
ЕЭКте улуттан жогорку жөнгө салуунун бизнес жүргүзүү шарттарына таасирин баалоого карата жаңы мамилелер презентацияланды

ЕЭКте улуттан жогорку жөнгө салуунун бизнес жүргүзүү шарттарына таасирин баалоого карата жаңы мамилелер презентацияланды

26.08.20

Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитеттин видеоконференция режиминде өткөрүлгөн отурумунда ЕЭКтин учурдагы чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоону (ИТБ) киргизүү жана жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) жол-жобосун Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна жайылтуу маселеси каралды. Мындай мамилелерди ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколдун долбооруна киргизүү сунушталууда. 

 

ЕЭКтин учурда аракеттенип жаткан чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо жол-жобосун киргизүү ЕЭКтин актыларынын бизнес жүргүзүү шарттарына таасирлерин болжолдуу баалоодон алардын ишкерлер тарабынан колдонулушунун иш жүзүндөгү натыйжаларын баалоого өтүүгө мүмкүндүк берет, – деп Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитеттин төрагасы, ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков баса белгиледи. – ЖТБ жол-жобосунун ЕАЭБдин алкагындагы эл аралык келишимдерге жайылтылышы негиз болуучу актыларды ишкердик коомдоштуктардын пикирин эске алуу менен иштеп чыгууга мүмкүндүк берет".

Комитеттин катышуучулары сектордук алып коюуларды баскычтар боюнча мамиленин негизинде жана аталган алып коюуларды тандоонун критерийлерин иштеп чыгууну эске алуу менен кыскартуу боюнча ишти уюштуруу маселелерин талкуулашты. Бул багыттагы иш кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү, ЕАЭБдин алкагында инвестицияларды түзүүнү, алардын ишмердигин жана аларды ишке ашырууну ырааттуулук менен либералдаштырууга өбөлгө түзмөкчү.

Бирликтин бизнесин интеграциялык бирикмедеги учурдагы жана потенциалдуу кооперациялык долбоорлор жөнүндө маалымдоо, балык өнөр жайынын үлгүсүндө ишкердик ишмердикти жөнгө салууну жеңилдетүү, эл аралык электр байланыш кызматтарына салык салуу, ЕАЭБдин товарларынын бирдиктүү санариптик каталогун иштеп чыгуу маселелери каралды.

Маалымат

Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитет 2012-жылдын 25-сентябрында түзүлгөн.
 Комитеттин курамына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жана бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү кирет.


Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитет ЕЭКтин ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарын жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү, ЕАЭБдин товарларынын бирдиктүү санариптик каталогун иштеп чыгуу маселелери боюнча консультативдик комитети болуп саналат.​