Sign In
ЕАЭБ де карантин астындагы продукцияга көзөмөл жүргүзүү жана фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруу тутумдары түзүлүшү мүмкүн

ЕАЭБ де карантин астындагы продукцияга көзөмөл жүргүзүү жана фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруу тутумдары түзүлүшү мүмкүн

26.07.19

Фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруу тутуму Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) коопсуз товарлардын эркин өткөрүлүшүн камсыз кылууга жардам берет. Ал ЕАЭБдин ичинде өткөрүүдө да, Бирликке үчүнчү өлкөлөрдөн алып келүүдө да карантин астындагы продукцияга көзөмөл жүргүзүү тутумун түзүү жана иш-тажрыйбага киргизүү менен тыгыз байланышта болууга тийиш. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Игорь Гаевский ЕЭКтин Фитосанитардык чаралар боюнча комитетчесинин отурумунда билдирди.

Иш чарада Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү – Комитетченин мүчөлөрү, ошондой эле Россия Федерациясынын Экономика министрлигинин өкүлдөрү катышышты.

«Бүгүнкү күндө карантин астындагы продукциянын дүйнөлүк рыногундагы жагдай тездик менен өзгөрүүдө. Мурда продукциясын ЕАЭБге жеткирбеген көптөгөн өлкөлөр эми биздин өлкөлөр менен соода алып баруудагы алдыңкы орундарга умтулушууда. Албетте, бул товарларга карата фитосанитардык талаптарды өзгөртүүдө эске алынышы зарыл. Бул – мезгил талабы, жана биз мезгилден артта калбашыбыз зарыл»,
– деди Игорь Гаевский.

Аталган тутумдарды ишке ашыруунун мамилелери жана механизмдери эксперттер тарабынан мүчө мамлекеттердин илимий уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен ишке ашырылат. Бирок бул ыйгарым укуктуу органдарга жогорку тобокелдик чөйрөлөрүнө ыкылас коюуга, кошумча ресурстарды бошотууга жана аларды Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка актуалдуу маселелерди чечүүгө багыттоого мүмкүндүк бериши азыртан эле айкын.

Бул пландарды ишке ашыруу үчүн, өсүмдүктөрдүн карантини жаатында буга чейин келишкендиктер жетишилген жалпы процесстерди ишке ашыруу менен, ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маанилүү. Мындан сырткары, үчүнчү өлкөлөрдө берилген сертификаттарды алуу жана окшош маалыматтарды экспорттоочу өлкөлөргө өткөрүп берүү боюнча жаңы жалпы процесстерди ишке киргизүү зарыл.

Бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу органдардын жана Комиссиянын тутумдук иши талап кылынат. Бул, отурумдун катышуучуларынын пикири боюнча, карантиндик фитосанитардык контролдун натыйжалуулугун жана оперативдүүлүгүн жогорулатат жана соодадагы негизсиз тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүндүк берет.

«Өсүмдүктөрдүн карантинин негиздүү түрдө ишмердиктин эң илим сыйымдуу багыты деп эсептөөгө мүмкүн болгондуктан, фитосанитардык чаралар боюнча жумушчу топтун алкагында бул маселелерди чечүүгө тараптардын илимий-изилдөө мекемелерин тартуу ЕАЭБде колдонулуп жаткан карантиндик фитосанитардык чаралардын негиздүүлүгүн жаңы баскычка көтөрүүгө жардам берет»,
– деп Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары Ажар Каджибекова баса белгиледи.