Sign In
«Евразия жумалыгында» ЕАЭБдин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун түзүүнү талкуулашат

«Евразия жумалыгында» ЕАЭБдин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун түзүүнү талкуулашат

26.07.19

25-сентябрда «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиевдин төрагалыгы астында «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) энергетикалык ресурстарынын жалпы рыноктору: энергокоопсуздукту жогорулатуу фактору жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган тегерек стол болуп өтөт.

«ЕАЭБдин жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүү Евразия экономикалык мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнүн маанилүү факторлорунун бири болуп саналат. Рынокту түзүү, биринчи кезекте, баа түзүүнүн рыноктук, анын ичинде биржалык механизмдерине өтүүгө, ошондой эле ак ниет атаандаштыкты камсыз кылууга багытталгандыгын белгилеп кетким келет»,
– деп Эмиль Кайкиев баса белгилейт.

Тегерек столдун катышуучулары энергетикалык ресурстардын (электр энергиясынын, газдын, мунайдын жана мунай өнүмдөрүнүн) жалпы рынокторун түзүүнү, ЕАЭБдин отун-энергетикалык комплекстеринин энергокоопсуздук жана энергонатыйжалуулук жаатындагы абалын жана перспективаларын, ошондой эле Бирликтин энергоресурстарынын жалпы рынокторун түзүүдө бизнестин маанисин талкуулашат.

«Башка энергетикалык уюмдардын өкүлдөрүнүн ушул тармактагы учурдагы интеграциялык процесстерге көз карашы жана андан аркы кызматташтыкка болгон көз карашы да кызыктуу болот»,
– дейт ЕЭК министри.

Тегерек столго катышууга Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Аймамат Кадырбаев, Беларусь Республикасынын энергетика министринин орун басары Вадим Закревский, Армения Республикасынын Аймактык башкаруу жана инфраструктура министрлигинин энергетика башкармалыгынын башчысы Гайк Бадалян жана башкалар чакырылган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында мамлекет башчылары ЕАЭБдин электроэнергетикалык ресурстарынын жалпы рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимге кол коюшкан. Документ рыноктун түзүлүү, иштөө жана өнүгүү негиздерин, Бирликтин жалпы электроэнергетикалык рыногун башкарууну жана анын иштешин камсыз кылган органдарды жана уюмдарды, анын катышуучуларын жана инфраструктуралык уюмдарды, ошондой эле электр энергиясы менен соода жүргүзүүнүн ыкмаларын аныктаган.

Армения жана Кыргызстандын Мүчө мамлекеттер арасында электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүнү жүзөгө ашыруу методологиясына кошулушу да энергетикалык интеграциядагы маанилүү иш чара болуп калды. Бул табигый монополия субъектилеринин электроэнергетика жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнүн Бирлик үчүн жалпы болуп саналган принциптерин жана эрежелерин, анын ичинде баа түзүүнүн жана тарифтик саясаттын негиздерин колдонууга мүмкүндүк берди.

Бирликтин энергетикалык ресурстарынын рынокторун түзүү бизнеске энергоресурстардын жеткирүүчүлөрүн эркин тандоого мүмкүндүк берет, ал эми бул өндүрүлүп жаткан продукциянын өздүк наркына оң таасирин тийгизет. Мындан сырткары, энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүү ЕАЭБ мамлекеттеринин энергокоопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүнүн экономикаларын туруктуу өнүктүрүү максатында электр энергиясына жана көмүр суутектерге ачык баалардын орнотулушуна өбөлгө түзөт.

Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгынын» сайтынан алууга болот 
www.eurasianweek.com.