Sign In
Молдованын ЕЭКтеги Ыйгарым укуктуу Өкүлү Оксана Гречаный алгачкы жолу ЕЭК Коллегиясынын отурумунда катышты

Молдованын ЕЭКтеги Ыйгарым укуктуу Өкүлү Оксана Гречаный алгачкы жолу ЕЭК Коллегиясынын отурумунда катышты

26.05.20

26-майда Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык комиссиясындагы Ыйгарым укуктуу Өкүлү Оксана Гречаный алгачкы жолу ЕЭК Коллегиясынын отурумунда катышты.


Отурумдун алдында ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков Оксана Гречаный менен жолугушуу өткөрүп, анда Оксана Гречаный Молдованын Премьер-министри Ион Кикунун ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичке ага ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө катынын көчүрмөсүн тапшырды.


"Бул дайындоо Молдова Республикасынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн андан аркы өнүгүүсүнө кызмат кылат деп ишенем"
, – деп Ион Кику өз катында баса белгиледи.


Михаил Мясникович ЕЭК Коллегиясынын отурумунда Оксана Гречаный менен саламдашып, ага бул жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалап өттү. 


"Молдова ЕАЭБдин алдындагы биринчи байкоочу мамлекет экендигин эске алуу менен, отурумдарда катышуу биз үчүн абдан маанилүү. Биз башка өлкөлөр үчүн мыкты үлгү боло алабыз деген үмүттөмүн"
, – деди Оксана Гречаный.


ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу Молдова Республикасына 2018-жылдын 14-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан ыйгарылган. 

Маалымат


Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 8 Чечими менен бекитилген, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу жөнүндө жобого ылайык, Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун алган мамлекеттин өкмөтү Комиссиянын болуу ордуна аны менен жана анын органдары менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүгө туруктуу негизде ыйгарым укуктуу жакты жиберет.


Өкүл соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, техникалык, бажылык, санитардык жана фитосанитардык жөнгө салуу маселелери боюнча, Комиссиянын карамагындагы чөйрөлөргө тиешелүү башка маселелер боюнча байкоочу мамлекеттин тийиштүү аткаруучу бийлик органдарынын Комиссия менен үзгүлтүксүз байланышын орнотууга жана сактоого өбөлгө түзөт, ошондой эле байкоочу мамлекет үчүн жана мүчө мамлекеттер үчүн өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактардагы диалогго жана кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Мындан сырткары, Өкүл, анын Аппаратынын кызматкерлери жана байкоочу мамлекеттин башка өкүлдөрү чакыруу боюнча Комиссиянын алдындагы консультативдик органдардын отурумдарында, ошондой эле Комиссиянын Коллегиясынын жана Комиссиянын Кеңешинин отурумдарында добуш берүү укугусуз катышууга укуктуу. Байкоочу мамлекет, Комиссиянын Коллегиясынын мүчөсүнүн жана (же) мүчө мамлекеттин суранычы боюнча жабык деп табылган маселелер боюнча отурумдардан сырткары, бардык отурумдарга чакыруу алат.​