Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Интеграциялык алака үчүн өз ара диалог түзүү абдан маанилүү»

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Интеграциялык алака үчүн өз ара диалог түзүү абдан маанилүү»

22.05.15

21-май күнү Астана шаарында VIII Астана экономикалык форумунун алкагында «Ааламдашуу шартында евразиялык интеграциянын өнүгүү багыттары» аттуу топтук ачык талкуу болуп өттү. Аталган иш-чара Евразия экономикалык комиссиясы жана Казакстан Республикасынын улуттук экономика министрлиги тарабынан уюштурулган.

Талкууда катышуучулар дүйнөлүк алака-катыштар зор өзгөрүүгө учурап жаткан шартта евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнүн натыйжасы жана келечеги, бул багытта аймактык алдыңкы интеграциялык бирикмелердин тажрыйбасын жана ийгиликтерин эске алуу жөнүндө ой-пикирлер ортого салынды.  

Жыйында Евразиядагы экономикалык интеграция бизнеске жана жарандарга түзө турган жаңы мүмкүнчүлүктөр, дүйнөлүк жана аймактык экономикалык алаканын күчөшүнөн улам пайда боло турган чакырыктар талкууланды.

Сессиянын ишине Казакстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев,  Армения Республикасынын АКШгы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Армениянын экс-премьер-министри Тигран Саркасян,  Мадрид клубунун мүчөсү, Италиянын экс-премьер-министри, Европа комиссиясынын мурдагы-президенти  Романо Проди, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын биринчи президенти Жак Аттали, Внешэкономбанк төрагасынын орун басары (башкы экономист) – Башкаруучулуктун  мүчөсү, РФ экономикалык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Андрей Клепач,  Macro Advisory улук өнөктөшү Крис Вифер, ЮАРдын эл аралык мамиле жана кызматташтык департаментинин Азия жана Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн директорунун орун басары,  БРИКС су-шерпасы Анил Суклал, ЕАЭБ, ЕС, Тынч океан альянсынын, АСЕАН, МЕРКОСУР уюмдарынын, ошондой эле ар кыл өлкөлөрдүн илим жана эксперт чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Талкуунун модератору, ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая, 2015-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ)  иштеп баштаганына токтолуп, азыркы дүйнөлүк түзүлүштүн бир бөлүгү катары ЕАЭБнын аймактык интеграциялык бирикмелерди түзүүдөгү жана алардын өз ара экономикалык өнөктөштүк байланышын жөнгө салууну калыптандыруудагы маанисин баса белгиледи. «Бүгүнкү күнү биздин уюмдун ички тартиби жөнүндө да, ошондой эле башка аймактык интеграциялык бирикмелердин өкүлдөрү менен пикир алышуунун жөнгө салуу жөнүндө маселе козгоо абдан маанилүү»,- деди ЕЭК Министри.

Талкуунун катышуучулары аймактык интеграциялык бирикмелердин ишмердүүлүгү боюнча ар кыл багыттардагы ой-пикирлер жана тажрыйбалар тууралуу ойлорун айтышты, ошондой эле, дүйнөлүк деңгээлдеги алака-катыштын алкагындагы евразиялык интеграциянын өнүгүү багыттары боюнча өз көз караштарын ортого салышты.

Талкууну жыйынтыктап жатып Татьяна Валовая, аймактык интеграциялык бирикмелер, алакалашуу моделин тандоодо атаандаш экенине карабай, интеграциялык механизмдерди үйрөнүү жана өнүктүрүү боюнча өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенине токтолду. Бул өз кезегинде өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө алып келет. Ал эми дүйнөнүн келечектеги тең салмактуу жана туруктуу экономикасы – мына ушул байланыштарга таянат.

ЕЭК уюштурган талкуу дүйнөлүк түзүлүштүн үлгүсүн куруу максатында ар түрдүү интеграциялык бирикмелердин ортосунда диалог түзүү үчүн системалуу, туруктуу байланыштарды түзүү жана калыптандырууга түрткү катары кызмат өтөөгө тийиш болчу.