Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая жана Тынч Океан альянсынын өкүлү Марта Барсена Коки кызматташтык жөнүндөгү Меморандумга кол коюу мүмкүндүгүн талкуулашты.

ЕЭК Министри Татьяна Валовая жана Тынч Океан альянсынын өкүлү Марта Барсена Коки кызматташтык жөнүндөгү Меморандумга кол коюу мүмкүндүгүн талкуулашты.

25.05.15

22-майда Астанада Евразия экономика комиссиясынын Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая менен Мексиканын Түркиядагы жана Казакстандагы кош элчилик милдетин аркалаган Марта Барсена Коки айымдын эки тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушуу Астана экономикалык форумунун алкагында болуп өттү. Элчи айым ЕЭК «Ааламдашуу шартында евразиялык интеграциянын өнүгүү багыттары» аттуу ачык талкууга катышуу үчүн чакырылган эле.

Бул эки тараптуу жолугушууда Татьяна Валовая элчи айым Марта Барсена Коки менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттери менен Тынч океан альянсынын мүчө өлкөлөрүнүн эки тараптуу карым-катышыш өнүктүрүү багытында талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле, эки интеграциялык блоктун ортосундагы кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгү ортого салынды.

«Евразиялык жана латын америкалык аймактар ортосундагы карым-катышты жакшыртуу боюнча зор потенциал бар – деп билдирди ЕЭК Министри. – Бирок тилекке каршы Латын Америкасындагы бизнес-мүмкүнчүлүктөр менен эки тараптуу кызматташуунун экономикалык дарамети тууралуу маалымат алмашуу деңгээли азырынча жакшы өнүгө элек. Андыктан алкактык документке кол коюу, биздин интеграциялык блоктор ортосундагы маалыматтык боштукту жоюуга мүмкүндүк берет».

Элчи Тынч океандык альянс менен Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) ортосундагы карым-катышты өнүктүрүүнү жөнгө салуу боюнча ойду колдоду, ошондой эле  ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен кызматташууну мындан ары чыңдоо тууралуу Мексиканын алдыңкы аракетин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Марта Барсена Коки эки тараптуу кызматташуу боюнча талкууну андан ары улантуу максатында Тынч Океан альянсындагы мамлекеттер төрагалыгы алкагында Татьяна Валоваяны Мексикага расмий иш сапарга келип кетүүгө чакырды

Маалымат

Тынч океан альянсы – төрт латын америка өлкөлөрү: Мексика, Перу, Чили, Колумбия кирген соода блогу. Ал эми Коста-Рика, Колумбия мамлекети менен эркин соода келишими ратификациялангандан кийин бул уюмдун толук укуктуу мүчөсү болуп калды.

Тынч океан альянсын уюштуруу саммити 2012-жылы 6-июнда Антофагаста (Чили) болгон.