Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «ЕЭК үчүн Европа комиссиясы менен конструктивдүү диалог түзүү абдан зарыл, бул ЕАЭБ менен ЕС өз ара пайдалуу кызматташуусуна түрткү берет»

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «ЕЭК үчүн Европа комиссиясы менен конструктивдүү диалог түзүү абдан зарыл, бул ЕАЭБ менен ЕС өз ара пайдалуу кызматташуусуна түрткү берет»

22.05.15

21-майда Астана шаарында Евразия экономика комиссиясынын Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕБРР) биринчи президенти, алдыңкы француз экономисти Жак Аттали менен жолугушту.

Татьяна Валовая эки тараптуу жолугушууда евразиялык интеграциянын өнүгүүсү, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим күчүнө киргенине жана Бирликтин мүчө-мамлекеттеринин курамы жакында кеңейгендигине байланыштуу жаралган жаңы шарттар тууралуу айтып берди.

ЕЭК Министри мындай деп белгиледи: «Европа бирлиги бизге үлгү катары кызмат кылат, аны Комиссия дыкат изилдеп жана талдап көрдү. Ошол эле учурда биз интеграциялоонун жүрүшүндө европалык кесиптештер кетирген каталардан сабак алуудабыз жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин бирдиктүү экономикалык соода аймагын түзүүгө карай умтулабыз». Ошондой эле Татьяна Валовая, ЕЭК үчүн Европа комиссиясы менен конструктивдүү диалог түзүү абдан зарыл экенине токтолуп, бул ЕАЭБ менен ЕС өз ара пайдалуу кызматташуусуна түрткү берээрине шарт түзөөрүн айтты.

Өз кезегинде Жак Аттали евразиялык мейкиндикте болуп жаткан окуялардын маанисин баса белгиледи жана бул иштер Европа Бирлиги менен ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы өз ара мамилени өнүгүүсүнө оң таасир этээрине токтолду.

Тараптар соңунда европалык жана евразиялык интеграциялык долбоорлордун өз ара диалогун өнүктүрүүгө багытталган тыгыз маалыматтык кызматташууну калыптандыруу максатын ишке ашыруу тууралуу макулдашышты.