Sign In
ЕЭК Перу Өкмөтү менен кызматташтыкты өнүктүрөт

ЕЭК Перу Өкмөтү менен кызматташтыкты өнүктүрөт

22.04.16

21-апрелде Лимада (Перу) Евразия экономикалык комиссиясы менен Перу Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.  Жумушчу топ ЕЭК менен Перу Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык уюштурулган.

Отурумду ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая жана Перу Республикасынын тышкы соода жана туризм Министри Магали Силвия Веларде-Альварес жетектешти.

Татьяна Валовая белгилеп өткөндөй, үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодалашуунун көлөмү азайганы менен, 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Перунун ортосундагы товар жүгүртүү 29,3% жогорулап, 725 млн долларды түзгөн. Анткени менен кызматташтыктын потенциалы толугу менен колдонулбай жатканын ЕЭК Министри белгилеп өттү.  “ЕАЭБнын бардык мүчө мамлекеттери менен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн жана Биримдиктин бирдиктүү рыногу ачкан артыкчылыктарды толугу менен колдонуу керек, - деди Татьяна Валовая. - Жумушчу топтун милдети - мындай процесске ар тараптуу колдоо көрсөтүү.

Тараптар ЕАЭБ өлкөлөрү менен Перунун ортосундагы соодалашуунун, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, инвестицияларды тартуу, инновациялар чөйрөсүндөгү кызматташуулардын негизги маселелерин карап чыгышты. Ошондой эле отурумдун катышуучулары Биримдик мамлекеттеринин жана Перунун учурдагы экономикалык абалын, ЕАЭБти өнүктүрүүнүн перспективаларын, өз ара инвестициялар жана ЕАЭБ мамлекеттеринин соода палаталары, бизнес-структуралары жана Перунун негизги бизнес-ассоциацияларынын ортосунда кызматташтыкты түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана башка маселелерди талкуулашты. 

Жумушчу деңгээлде маалыматтык өз ара иштешүүнү улантуу жөнүндө макулдашылды.

Перуга сапардын жүрүшүндө Татьяна Валовая “ЕАЭБ: Перу Республикасы менен кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” форумунун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин презентациясын өткөрдү. Форум 22-апрелде Перу Республикасынын Тышкы соода жана туризм министрлигинин, ошондой эле перулук экспортерлордун бир катар ассоциацияларынын колдоосу менен өттү.

Татьяна Валовая менен Перу Республикасынын тышкы соода жана туризм Министри Магали Сильванын жана Перу Республикасынын ТИМнин Башкы Катчысы Эрик Андерсендин жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуулардын негизги темасы ЕЭК жана Перу Өкмөтүнүн кызматташтыгын жигердентүү болду.