Sign In
ЕЭК жана БУУ ЕЭК Европа мейкиндигинде соода маалыматтары менен алмашуу үчүн бирдей семантикалык стандарттарды колдонууда алга карай кадам жасоодо

ЕЭК жана БУУ ЕЭК Европа мейкиндигинде соода маалыматтары менен алмашуу үчүн бирдей семантикалык стандарттарды колдонууда алга карай кадам жасоодо

87834.jpg
26.04.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) өкүлдөрү ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аралык соода тармагында маалыматтык өз ара аракеттенүү жол-жоболорун регламенттөөдө эл аралык стандарттардын жана маалымат моделдеринин колдонулушун талкуулашты. БУУ ЕЭКтин эксперттери аталган чөйрөдө ишке ашырылып жаткан жаңы аспаптар жана долбоорлор жөнүндө билдиришти.

ЕЭК өкүлдөрү кесиптештерин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында маалыматтык өз ара аракеттенүүнү бир түргө келтирүү жана стандартташтыруу боюнча иш, ЕАЭБдин дайындарынын моделин түзүү жана колдонуу жөнүндө, чек ара аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүдө Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун инфраструктурасынын колдонулушу жөнүндө маалымдашты. ЕЭК Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян белгилеп өткөндөй, Евразия экономикалык комиссиясы UN/CEFACT’тын электрондук преференциалдык сертификаттар (International Certificate of Origin) боюнча долбооруна катышууга кызыкдар.

Ошондой эле, тараптар маалыматтарды UN/CEFACT стандарттары менен моделдөө боюнча Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыгып жаткан чечимдердин шайкештиги маселелери, анын ичинде транспорттук жана коштоочу документтерде колдонулган маалыматтарды салыштыруу жана бир түргө келтирүү маселелери боюнча өз ара маалымдоого кызыкдар экендигин билдиришти.