Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая Анд улуттар коомдоштугунун Башкы катчысы Уолкер Сан Мигель Родригес менен жолугушту

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Анд улуттар коомдоштугунун Башкы катчысы Уолкер Сан Мигель Родригес менен жолугушту

22.04.16

21-апрелде Лима шаарына (Перу) иш сапарынын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая Анд улуттар коомдоштугунун Башкы катчысы Уолкер Сан Мигель Родригес менен жолугушту.  

Тараптар Анд коомдоштугунун жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) азыркы абалы жана өнүгүү планы жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү. Евразия экономикалык комиссиясы менен Анд коомдоштугунун Катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аныкталган тартипте даярдоо жана түзүү жөнүндө Башкы катчынын сунушун ЕЭК Министри колдоду.

Татьяна Валовая Сан Мигель Родригести эки уюмдун кызматташтыгы жөнүндө диалогду улантуу үчүн ЕЭКтин штаб-квартирасына келүүгө чакырды. Ал ЕАЭБ жана Анд улуттар коомдоштугунун өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосунда байланыштарды түзүү үчүн, Астанадагы жана Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдардын аянтчаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду.

Маалымат

Анд улуттар коомдоштугу - Латын Америка өлкөлөрүнүн аймактык социалдык-экономикалык шериктештиги, ага Боливия, Колумбия, Эквадор жана Перу кирет. 1969-жылы түзүлгөн. Коомдоштуктун максаты - интеграция жана социалдык-экономикалык кызматташтык аркылуу катышуучу-өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө көмөктөшүү; экономикалык өнүгүүнү тездетүү жана иш менен камсыз кылуу; латынамерикалык жалпы рынокту түзүү.