Sign In
Михаил Мясникович Өзбекстандын Россиядагы Элчиси Ботиржон Асадовду жана Өзбекстандын ЕЭКте дайындалган Ыйгарым укуктуу Өкүлү Шухрат Шукуровду кабыл алды

Михаил Мясникович Өзбекстандын Россиядагы Элчиси Ботиржон Асадовду жана Өзбекстандын ЕЭКте дайындалган Ыйгарым укуктуу Өкүлү Шухрат Шукуровду кабыл алды

26.02.21


26-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Өзбекстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов жана Өзбекстандын ЕЭКтеги Ыйгарым укуктуу өкүлү Шухрат Шукуров менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Шухрат Шукуров ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичке Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун аны кызмат ордуна дайындалышы жөнүндө катын тапшырды.

"Өзбекстан Евразия экономикалык бирлиги менен тыгыз жана көп кырдуу кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет, - деп белгиленет Өзбекстандын Премьер-министринин катында. - Бул дайындоо Өзбекстан Республикасынын, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы жигердүү өз ара аракеттенүүгө кызмат кылат деп толук ишенебиз".

Михаил Мясникович Шухрат Шукуровду дайындалышы менен куттуктап, ушул жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

 

"Биздин биргелешкен иш алдыга жылууда, жакынкы келечекте ЕЭК менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюларына жана андан кийин - аны ишке ашыруу боюнча план иштелип чыгарылышына үмүттөнөбүз. Бул Комиссиянын жана Өзбекстандын мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын багыттарын предметтүү камтууну камсыздоого мүмкүнчүлүк берет”, - деди Михаил Мясникович.

Ботиржон Асадовдун айтымында, Шухрат Шукуров Комиссия менен өз ара аракеттенүү маселелери менен системалуу түрдө алектенет. 

"ЕАЭБде көптөгөн маанилүү иш-чаралар, көптөгөн идеялар бар, бизге сиздердин ишиңиздерге сүңгүп кирүү, Бирликтин ишмердүүлүгүн ичинен изилдеп чыгуу абдан кызыктуу болот", - деп баса белгиледи элчи.

Өз кезегинде Шухрат Шукуров Өзбекстан ЕАЭБде болуп жаткан процесстерди кызыгуу менен байкап жаткандыгын белгиледи. “Биздин президент Өзбекстан менен ЕАЭБдин ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын аныктаган. Бул биринчи кезекте чектөөлөрдү өз ара алып салуу, жаңы рынокторду кеңейтүү, транспорттук интеграция, жалпы транспорттук коридорлорду пайдалануу жана албетте, эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүнө байланыштуу маселелер" - деди Өзбекстандын өкүлү.

Тараптар техникалык жөнгө салуу, бажылык кызматташтык, соода, өнөр жай кооперациясы жана эмгек рыногу чөйрөлөрүндө мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

26-февралда Комиссияда ЕАЭБдин байкоочу-мамлекети болгон Өзбекстан Республикасы менен кызматташуунун айрым тармактары боюнча бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.

Өзбекстан тараптын ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев менен жолугушуусунда меморандумдун долбоорун жана аны ишке ашыруунун деталдуу планын даярдоо боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды. Мындан тышкары, Сергей Глазьев Өзбекстанды 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча ишке кошулууга чакырды. Тактап айтканда, стратегиялык пландаштыруу, биргелешкен инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттер аралык программалар жөнүндө сөз болуп жатат.

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев менен өзүнчө жолугушуу болуп өттү. Тараптар соода кызматташтыгын өнүктүрүү жана өз ара товар айланымын өстүрүү маселелерин талкуулашты. Андрей Слепнев электрондук соода, товарларды маркалоо, санариптик транспорттук коридорлор, кагазсыз транзит маселелерин биргелешип изилдөө үчүн мүмкүн болгон темалар деп белгиледи.

 

Маалымат


Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 8 Чечими менен бекитилген, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу жөнүндө жобого ылайык, Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун алган мамлекеттин өкмөтү Комиссиянын болуу ордуна аны менен жана анын органдары менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүгө туруктуу негизде ыйгарым укуктуу жакты жиберет.


Ыйгарым укуктуу өкүл чакыруу боюнча, Комиссияга караштуу консультативдик органдардын жыйындарына, ошондой эле Комиссиянын Коллегиясынын жана Комиссиянын Кеңешинин отурумдарына добуш берүү укугусуз катышууга укуктуу. Байкоочу мамлекетке чакыруулар бардык коомдук жолугушууларга жөнөтүлөт.​