Ирина Степановна Кангро 1962-жылы 22-майда туулган.
В.В. Куйбышев атындагы Белорус мамлекеттик эл чарба институтун
"статистика" адистиги боюнча (1986-жыл) жана Беларусь Республикасынын
Президентине караштуу Башкаруу академиясын "мамлекеттик башкаруу
адистиги" боюнча аяктаган (2001-жыл).
1986-2006-жылдары Минск шаардык статистика бөлүмүндө иштеп, экономисттен бөлүм
башчынын биринчи орун басарына чейинки жолду басып өткөн.
2006-2009-жылдары Минск шаарынын Башкы статистикалык башкармалыгын жетектеген.
2009-2020-жылдары Беларусь Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин
төрагасынын орун басары, андан кийин биринчи орун басары болуп иштеген.
2021-жылдын 13-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын статистика
департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.