Sign In
ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп Валентина Янутенок дайындалды

ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп Валентина Янутенок дайындалды

IMG_3459-2.jpg
26.01.21

Валентина Владимировна Янутенок Белорус мамлекеттик университетин, Минск мамлекеттик лингвистикалык университетин, Беларусь Республиканын Президентине караштуу Башкаруу академиясын аяктаган. Француз жана англис тилдеринде сүйлөйт.


Мугалим, 1998-жылдан бери Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тутумунда ар кандай кызматтарда иштеген. Компетенциянын чөйрөсүнө тышкы саясатты талдоо, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана интеграциялык өз ара аракеттенүү маселелери кирген.

2018-2021-жылдары - Беларустун Тышкы иштер министрлигинин Россия, КМШ өлкөлөрү жана евразиялык интеграция боюнча башкы башкармалыгынын Россия башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.


2021-жылдын 18-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.​