Sign In
ЕЭК Беларуска Бирликтин ички рыногунун иштөөсү боюнча милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгы жөнүндө билдирди

ЕЭК Беларуска Бирликтин ички рыногунун иштөөсү боюнча милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгы жөнүндө билдирди

25.11.20

24-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Беларусь Республикасына Евразия экономикалык бирлигинин укугун аткаруу зарылчылыгы жөнүндө билдирүү жөнүндө чечим кабыл алды. 

Кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Беларусь Республикасынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине алып чыгуунун уруксат берүүчү тартиби боюнча иш-аракеттерди, ошондой эле дүң соода кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү рыногунун алкагында улуттук режимдин жоктугун Коллегия Бирликтин ички рыногундагы бөгөттөрдүн белгилери бар тоскоолдук катары квалификациялады.

ЕАЭБдин укугуна ылайык, Бирликтин мамлекеттери товарлар менен өз ара соода жүргүзүүдө, Бирлик жөнүндө келишим менен каралган учурлардан сырткары, алып келүү жана алып чыгуу бажы алымдарын (эквиваленттик аракетке ээ болгон башка алымдарды, салыктарды жана жыйымдарды), тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонбойт.

Ошондой эле, Кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү жөнүндө келишимдин жоболорунун негизинде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери дүң соода чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн чектөөлөрсүз, алып коюуларсыз жана кошумча талаптарсыз бирдиктүү рыногун түзүүгө милдеттенишкен.​