Sign In
ЕЭК Министри Тимур Сулейменов: “Интеграция тар максат эмес, ал катышуучу-өлкөлөрдүн экономикаларынын өсүшүн жана алардын жарандарынын бакубатчылыгын камсыздоо үчүн курал болуп саналат”

ЕЭК Министри Тимур Сулейменов: “Интеграция тар максат эмес, ал катышуучу-өлкөлөрдүн экономикаларынын өсүшүн жана алардын жарандарынын бакубатчылыгын камсыздоо үчүн курал болуп саналат”

25.04.16

22-апрелде XIII Евразиялык медиафорумунун алкагында өткөрүлгөн “Европа союзунун келечеги. Европанын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү кайда кетип барат?” сессиясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Европа союзунун (ЕС) кызматташтыгы мүмкүн болгон чөйрөлөр жөнүндө айтып берди.

Тимур Сулейменов өсүүнүн арымдары төмөн болуп жаткандыгына байланыштуу дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү да басаңдап жатканын белгилеп өттү. Өндүрүштүн потенциалдуу көлөмдөрү, жана анын кесепети катары керектөөлөр жана инвестициялар төмөндөөдө. Бул шарттарда интеграциялык бирикмелердин ортосундагы өз ара иштешүүнү тереңдетүү чоң мааниге ээ болуп барат. “Калыптанып келе жаткан Евразия экономикалык биримдиги үчүн Европа союзу менен тыгыз кызматташтыкты түзүү өтө маанилүү, анткени ЕС биздин өлкөлөрдүн эң ири соода өнөктөшү боюнча калып келет, - деди ЕЭК Министри. - Ошондой эле кызматташтык эки Тарапка тең пайдалуу болуп, ошол эле учурда саясатка таасирин тийгизбеген чөйрөлөр бар. Мисалы, техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар чөйрөсү, каржы саясатын шайкештөө чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу. 

Европадагы экономикалык абалга баа берүү менен Тимур Сулейменов, ЕС учурда туш болуп жаткан кээ бир маселелер фундаменталдык баалуулуктарга эмес, ашыкча бюрократизацияга, улут үстүндөгү деңгээлде кошумча жөнгө салуучу тоскоолдуктардын түзүлүшүнө байланыштуу экенин белгиледи. ЕАЭБ Европа биримдигинен көп үлгүлөрдү алат, бирок катачылыктарын эмес, ийгиликтерин кайталоого аракет кылат.

Суроолорго жооп берип жатып ЕЭК Министри ЕАЭБдагы миграция темасына токтолду. Анын айтымында, биримдик өлкөлөрүнүн мигрант-жарандарынын эмгектенүү шарттарын жеңилдеши - интеграциянын түздөн-түз оң таасири. “Биздин интеграциялык бирикменин Казакстанда жана Россияда иштеп жаткан жүз миңдеген жарандары үчүн бул канчалык жеңилдиктерди алып келгенин билебиз”, - деп билдирди Тимур Сулейменов.

Комиссиянын өкүлү бирдиктүү валютаны киргизүү мүмкүнчүлүгүнө комментарий берди. Анын айтымында, азырынча буга эч кандай өбөлгө жок. “Ар бир интеграциялык чечимдер эгер алар Биримдиктин бардык өлкөлөрүнө реалдуу пайда келгенде гана зарыл.  Интеграция тар максат эмес, ал катышуучу-өлкөлөрдүн экономикаларынын өсүшүн жана алардын жарандарынын бакубатчылыгын камсыздоо үчүн курал болуп саналат”, - деп баса белгиледи Тимур Сулейменов. Ал Биримдик жөнүндө келишимде валюталык саясатты координациялоо гана каралганын эскертип өттү, аны курамына борбордук же улуттук банктар кирген Координациялык кеңеш жүзөгө ашырат.