Sign In
Тигран Саркисян: "Ишкердик кеңеш менен биргеликте ЕЭК бизнести жана жарандарды кызыктырган актуалдуу маселелерди чечүүдө"

Тигран Саркисян: "Ишкердик кеңеш менен биргеликте ЕЭК бизнести жана жарандарды кызыктырган актуалдуу маселелерди чечүүдө"

25.12.19

24-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында Комиссиянын жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Ишкердик кеңешинин өз ара аракеттенүүсү боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Ага ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин Президенти Виктор Христенко, Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрү жана Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнесинин өкүлдөрү катышышты.

Тигран Саркисян жана Виктор Христенко отурумдун жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө ЕЭКтин жана ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин кызматташтыгы өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди деп билдиришти.

Кеп Комиссиянын Коллегиясынын экинчи курамы 2016-жылдан тарта иштеп келе жаткан мезгилдин ичинде улуттан жогорку жөнгө салуучунун жана Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнесинин биргелешкен ишинин жыйынтыктары жана анын кийинки перспективалары тууралуу болду.

"Биз биргеликте бизнести жана жарандарыбызды кызыктырган эң эле актуалдуу маселелерди бөлүп көрсөтүп жана чече алдык", – деп Тигран Саркисян баса белгиледи.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Комиссия бизнес-коомдоштук менен биргеликте, евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө жана интеграциялык бирикменин дүйнөдөгү имиджин бекемдөөгө мүмкүндүк берген, бир кыйла көрүнүктүү ийгиликтерге жетише алган негизги багыттарды атап өттү.

Бул, биринчи кезекте, эл аралык ишмердик. Эркин соода аймагын (ЭСА) түзүү менен ийгиликтүү Вьетнам кейсине дагы бир нечеси кошулду. Кытай, Иран, Сингапур, Сербия менен сүйлөшүүлөр соода макулдашууларын түзүү менен аяктады. Израиль жана Египет менен диалог ырааттуулук менен алга илгерилөөдө. Индия менен ЭСА жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүүдө. "Бизнестин бул процесске катышуусу биз үчүн маанилүү, анткени сүйлөшүүлөр биздин ата-мекендик бизнес үчүн бир кыйла жагымдуу шарттарды түзүү максатында, биздин ишканалардын экспорттук потенциалын ишке ашыруу үчүн жүргүзүлөт", – деди Тигран Саркисян.

Ошондой эле, Коллегиянын Төрагасы ЕАЭБдин Ишкердик кеңешине жана Бирликтин Бажы кодексин иштеп чыгууда активдүү катышкан бардык ишкерлерге ыраазычылыгын билдирип өттү. Бул базалык интеграциялык документте бизнестин сунуштарынын дээрлик 75% чагылдырылды.

Тигран Саркисяндын айтуусу боюнча, санариптик күн тартиби боюнча ишкердик коомдоштуктар менен биргелешкен ишти өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Буга байланыштуу ал мындай деди: "Биз санариптик долбоорлорду ишке ашыруу баскычына өтүүдөбүз. Азыр Комиссия, биздин өлкөлөр жана бизнес аны ишке ашыруу механизмдери жөнүндө келишип алышы зарыл... . Бизнес заманбап санариптик платформалардын бүткүл Евразия мейкиндигинде иштешине абдан кызыкдар. Ушундай кылуу менен гана биз бизнес өзүнүн реалдуу потенциалын ишке ашыра ала турган, атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзө алабыз. Болбосо ага чет элдик санариптик платформаларда иштөөгө туура келет".

Өз кезегинде Виктор Христенко "Комиссиянын экинчи чакырылышынын эң улуу жетишкендиги – ал санариптик трансформация маселелерин улуттан жогорку деңгээлге чыгарылган бардык калган чөйрөлөргө жана регуляторикаларга жеткен, ишкердиктин жаңы багытынын негизине базалык тема катары коё алгандыгы болду. Бул тема – санариптик күн тартиби – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттеринин жумушчу сүйлөшүүлөрүнүн темасына айланды. Жана бизнес ага ар түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде товарларды санариптик маркалоо багыты боюнча активдүү кошулду. Бизнес санариптик трансформациясыз анын өзүнүн натыйжалуу иштөөсү мүмкүн эмес болгондуктан да кошулду" деп билдирди.

Консультативдик кеңештин отурумунда алгачкы жолу европалык бизнестин өкүлдөрү катышышты. Германиялык SCHNEIDER GROUP компаниясынын президенти Ульф Шнайдер жана Италия өнөр жайчылар ассоциациясынын Президенти Эрнесто Ферленги баяндамалары менен чыгып сүйлөштү.​