Sign In
Гоар Барсегян: "Стратегия-2025ке ЕАЭБ институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдери киргизилген"

Гоар Барсегян: "Стратегия-2025ке ЕАЭБ институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдери киргизилген"

25.11.20
Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян 25-ноябрда ЕАЭБ Сотунун "ЕАЭБ интеграциясынын жаңы чакырыктары: укуктук өлчөм" деп аталган эл аралык конференциясында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорунун үстүнөн жүрүп жаткан иш жөнүндө жана Евразия экономикалык бирлигинин институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

Гоар Барсегян баса белгилеп өткөндөй, ушул жылдын май айында Бирликтин мамлекеттеринин башчылары Стратегия-2025 долбоорун жалпысынан жактырышкан, кем жерлери иштелип чыккан документ декабрь айында Жогорку Евразия экономикалык кеңешине бекитүү үчүн көрсөтүлмөкчү.

Гоар Барсегян аудиторияны долбоорго киргизилген негизги иш-чаралар тууралуу маалымдап өттү.

"Бирикменин Бажы бирлигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин баскычындагы жана жадагалса ЕАЭБдин ишинин баштапкы баскычындагы институционалдык түзүмү өзүнүн натыйжалуулугун жана ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Ошону менен бирге интеграциянын өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн анын иштөө механизмдерин өркүндөтүү талап кылынат, – деп билдирди ЕЭК өкүлү. –  Мисалга алсак, Комиссиянын Коллегиясына кошумча ыйгарым укуктарды берүү пландаштырылууда. Мындан сырткары, Бирликтин сот тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар каралган.

Стратегиялык багыттар – бул стратегиялык пландоонун негизги тутум түзүүчү документи. Ал, салыштырмалуу кыска мөөнөттүн ичинде Бирликтин максаттарына жетүүдө алга илгерилөөгө мүмкүндүк берген сапаттык жактан жаңы мамилелерди караштыруу менен, учурдагы келишкендиктерди ишке ашыруу, интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жана тереңдетүү механизмдерин түзүүнү аяктоо боюнча андан аркы иштин логикасын аныктайт.​