Sign In
Сергей Глазьев: "ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө БУУ ТӨМдү ишке ашырууга өбөлгө түзүү боюнча ишти улантмакчы"

Сергей Глазьев: "ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө БУУ ТӨМдү ишке ашырууга өбөлгө түзүү боюнча ишти улантмакчы"

25.11.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарына (БУУ ТӨМ) жетүүсү экономиканын жөнгө салуунун улуттан жогорку чараларынын аракетинин астындагы тармактарында кыйла натыйжалуураак өтүүдө. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Бирликтин өлкөлөрүндө БУУ ТӨМдү ишке ашырууга өбөлгө түзүү боюнча ишти улантмакчы. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 22-ноябрда ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында болуп өткөн эл аралык макроэкономикалык семинардын жыйынтыктары боюнча билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Мамлекеттер аралык банктын биргелешкен семинарынын катышуучулары дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнүн басаңдашы жана аныксыздыгы шарттарсында Бирликтин өлкөлөрүнүн БУУ ТӨМгө жетүүсүнүн перспективаларын талкуулашты.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туруктуу жана сапаттуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуунун натыйжалуу чараларын издөө Комиссия үчүн стратегиялуу багыт болуп саналат. Ошол эле мезгилде учурдагы геосаясий жана экономикалык жагдай, анын ичинде Бирликтин алкагындагы мындай жагдай, БУУ ТӨМгө жетүү мүмкүнчүлүктөрүн чектөөдө", – деп Сергей Глазьевсеминарды ачып жатып билдирди.

 Мамлекеттер аралык банктын Президенти Игорь Суворов, өз кезегинде, бул тема жалпы эле дүйнөлүк коомдоштук үчүн кескин маанилүү болуп саналат жана алдыңкы эл аралык уюмдардын, бийлик органдарынын, илимий жана бизнес-коомдоштуктардын көңүл борборунда турат деп белгиледи.

Дүйнөлүк экономиканын учурда калыптанган конъюнктурасынын өзгөчөлүктөрүн талкуулап жатып, семинардын катышуучулары өнүгүү приоритеттерин жайгаштыруу – социалдык коргоону камсыз кылуунун, түзүмдүк реформаларды жүргүзүүнүн жана мамлекеттик бюджеттин стабилдүүлүгүн камсыз кылуунун ортосунда тандоо өзгөчө мааниге болууда деп белгилешти.

ЮНКТАДдын глобалдаштыруу жана өнүгүү стратегиялары бөлүмчөсүнүн башчысы Игорь Паунович белгилеп өткөндөй, рыноктук капитализм тутуму дүйнөлүк экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу кызыкчылыгында каржы агымдарын кайра бөлүштүрүү максатында реформалоону талап кылат. Ал БУУ ТӨМдү каржылоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонуу зарылчылыгын көрсөтүп айтты. 

Соода согуштары дүйнөлүк экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн олуттуу тобокелдиктердин бирине айланды. Эл аралык соодада протекционисттик иш-тажрыйбаларды колдонуу тенденциясы, аларды жактоо Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун түзүүдө мамлекеттер тарабынан белгиленген, ачык, басмырлабоочу, көп тараптуу соода тутумунун принциптерин бузууда. Аталган тенденциялар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жарандарынын жыргалчылыгына эң көп деңгээлде терс таасирин тийгизүүдө.  БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын соода, инвестициялар жана инновациялар боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы Мия Микич жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү боюнча кеңешинин катчысы Антония Карзаниги товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен эл аралык соода жүргүзүүнүн туруктуу өсүшкө жетүүгө таасири тууралуу айтып беришти. 

Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Тоты Калиаскарова БУУнун туруктуу өнүгүү жаатындагы Күн тартибинин ЕАЭБ үчүн маанилүүлүгү жана ЕЭК бул багытта алып барып жаткан иш жөнүндө айтып берди.  Комиссия ЮНКТАД менен биргеликте экономикалык өсүштүн инклюзивдүүлүгүн баалоонун концепциясын жана методологиясын иштеп чыкты. Бул ага жетүү жолдору жөнүндө түшүнүктү кеңейтүүгө жана улуттук жана улуттан жогорку деңгээлдерде жөнгө салуучу чараларды иштеп чыгууга бир кыйла деталдуу мамиле жасоого мүмкүндүк берди.

"Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн БУУ ТӨМгө жетүүсү экономиканын жөнгө салуунун улуттан жогорку чараларынын аракетинин астындагы тармактарында кыйла натыйжалуураак өтүүдө", – деди ЕЭК өкүлү.

Г.В. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин дүйнөлүк экономика кафедрасынын башчысыРуслан Хасбулатов Бирликтин өлкөлөрүнүн жалпы позициясын иштеп чыгуунун, аны эл аралык аренада илгерилетүүнүн жана ЕАЭБдин бирдиктүү рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

БУУ ТӨМгө 2030-жылга чейин жетүүнүн дагы бир шарты экономикалык өсүштүн жаңы моделдерине ийкемделүүгө өлкөлөрдүн даярдыгы болуп саналат. Жогорку экономика мектебинин Дүйнөлүк экономика департаментинин жетекчиси Игорь Макаров туруктуу өсүштү камсыз кылуу жагынан алганда жакынкы 30 жылдын ичинде аныктоочу боло турган факторлорду белгилеп өттү. 

"Өздүк күч борбору" ЕАЭБдин олуттуу өнүгүү сценарийин ишке ашыруу үчүн мындай факторлор катары улуттук экономикаларды модернизациялоо максатында Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жай саясатынын толук масшабдуу координациясы жана санариптештирүү болушу мүмкүн. Бул факторлорго МТКББнын макроэкономикалык процесстерди талдоо жана кыска мөөнөттүү болжолдоо багытынын жетекчиси Дмитрий Белоусов жана РИАнын Экономикалык стратегиялар институтунун башкы директору  Александр Агеев  көңүл бурушту.

Семинардын катышуучулары ЕАЭБ мамлекеттеринин БУУ ТӨМгө жетүү мүмкүнчүлүгү олуттуу деңгээлде биздин өлкөлөрдүн ЕАЭБдин алкагында тажрыйба алмашуу жана өз ара аракеттенүү түрүндөгү иш-аракеттери менен аныкталмакчы деген жалпы пикирге келишти.

"ЕЭК Комиссиянын улуттан жогорку мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер менен тыгыз кызматташтыкта "Бир алкак, бир жол" сыяктуу глобалдык жана регионалдык демилегелерде активдүү катышуу менен, ЕАЭБ өлкөлөрүндө БУУ ТӨМдү ишке ашырууга өбөлгө түзүү боюнча ишти улантмакчы", – деп жыйынтыктады  Сергей Глазьев.

 Маалымат

Эл аралык макроэкономикалык семинардын максаты – дүйнөлүк жана регионалдык экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, өнүгүү болжолдоолорун, ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин интеграциялык кызматташтыгынын перспективдүү багыттарын талкуулоо. Семинар Мамлекеттер аралык банк менен кызматташтыкта Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулат жана 2014-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Семинарда эл аралык уюмдардын – Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк банктын, БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД), БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН), БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (АТЭСК), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эксперттери, ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин улуттук банктарынын, каржы, экономика министрликтеринин өкүлдөрү, кызыкдар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, академиялык жана бизнес-коомдоштуктардын жетекчилери катышышат.