Sign In
EЭК жана ДССУ COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча күч-аракеттерди бириктирет

EЭК жана ДССУ COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча күч-аракеттерди бириктирет

25.09.20

COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу, керектөө рыногундагы тамак-аш өнүмдөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө, дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Фармакопеясын жөнгө салуу маселелерин жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарын Евразия экономикалык комиссиясынын  Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Виктор Назаренко жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы аймактык бюросунун директору Ханс Клюге EЭК штаб-квартирасында талкуулашты.

 

Виктор Назаренко билдиргендей, Комиссия ДССУ менен өнүмдөрдүн коопсуздугу тармагындагы документтердин долбоорлорун иштеп чыгууда тыгыз кызматташтыкты жүргүзүп келет. ДССУ өкүлдөрү 2018-жылдан тарта Комиссиянын дарыларды жүгүртүү чөйрөсүндөгү документтеринин бардык долбоорлорун ачык талкуулоого катышат. Бирликтин Фармакопеясынын жана эл аралык фармакопеянын иштеп чыгууларын эске алуу менен алардын сапатын контролдоо маселелери боюнча биргелешкен видеоконференциялар өткөрүлөт. Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттер жүрүп жатат. ЕЭК өкүлдөрү ДССУнун органдарынын отурумдарына байкоочулар катары катышат.

 

Ханс Клюге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн COVID-19 жайылуусун алдын алуу жана жол бербөө боюнча даярдыгынын жогорку деңгээлин белгиледи.

 

"Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнө COVID-19 жайылышына каршы күрөшүүдө жигердүү катышат жана жардам берет, ошондой эле аймакта макроэкономикалык туруктуулукту сактоого салым кошот", - деп баса белгиледи ЕЭК министри. Ал өз сөзүндө эскертип өткөндөй, пандемия жарыялангандан тартып, Комиссия Бирликтин өлкөлөрүнө керектүү товарларды, анын ичинде азык-түлүк товарларын, ошондой эле COVID-19га каршы күрөшүү үчүн дезинфекциялоочу каражаттарды, дары препараттарын, медициналык жана медициналык эмес буюмдарды чек аралардан үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча бир катар документтерди даярдаган. Мындан тышкары, алдын алуу жана эпидемияга каршы багыттагы иш-чараларды иштеп чыгуу жана координациялоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

 

"Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык сак-саламаттыгы боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы кабыл алынды, май куюучу жайлардын ишин уюштуруу, "жашыл" коридорлордо эл аралык транспорттун айдоочулары үчүн эс алуу жайлары боюнча санитардык-эпидемиологиялык сунуштар кабыл алынды, – деп белгиледи Виктор Назаренко, – Эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүүсү, алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чаралар, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмдөө маселелери туурасында өз ара маалымдоо маселелери боюнча, Комиссиянын жигердүү катышуусу менен, калктын санитардык-эпидемиологиялык сак-саламаттыгын камсыздоо жагында Жетекчилердин кеңеши иш алып барууда". 

 

Виктор Назаренко баса белгилеп өткөндөй, Комиссия ДССУ менен өз ара аракеттенүүнү жана керектөө рыногундагы тамак-аш өнүмдөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча дайындарды алмашууну маанилүү деп эсептейт. "Биз тамак-аш өнүмдөрүнүн коопсуздугун камсыздоо, аларда ветеринардык каражаттардын калдыктарын аныктоо жана ченемдөө, ошондой эле рынокто ветеринардык дары каражаттарынын калдыктарын контролдоону (көзөмөлдөөнү) уюштурууга карата кабыл алынган ыкмалар жөнүндө сөз кылып жатабыз", - деп кошумчалады ал.

 

Жолугушуунун катышуучулары 2020-жылдын аягына чейин ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан макулдашылган ЕЭК менен ДССУнун Европадагы аймактык бюросунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга даяр экендигин билдиришти.
Меморандум ченемдик жана техникалык документтер менен алмашууга, өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча консультацияларды өткөрүүгө, конференцияларга, семинарларга, кеңешмелерге бирге катышууга мүмкүндүк берет.​