Sign In
ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин экономика жана финансы министрликтеринин, борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилеринин жана ЕЭК өкүлдөрүнүн отуруму болуп өттү

ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин экономика жана финансы министрликтеринин, борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилеринин жана ЕЭК өкүлдөрүнүн отуруму болуп өттү

25.08.15

25-августта Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Кабылдама үйүндө Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин экономика жана финансы министрликтеринин, борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнүн пландаштырылган отуруму болуп өттү. Комиссиянын атынан отурумга ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая жана ЕЭКтин Экономика жана финансы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов катышышты жана доклад менен чыгып сүйлөштү.

Отурумдун катышуучулары тышкы экономикалык тенденцияларды, тышкы жана ички тобокелдиктерди жана ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү келечектерин талкуулашты. Мындан тышкары, Бирликке мүчө мамлекеттердин макроэкономика жана валюталык-финансылык саясат чөйрөсүндө кызматташуусун тереңдетүү маселелери да каралды.

Жыйырма тобунун финансы министрликтеринин жана борбордук банктарынын жетекчилеринин жолугушуусу алдында россиялык Тарап Жыйырма тобунун (G20) жана Финансылык туруктуулук боюнча кеңештин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты сунуштады. Мындан тышкары, Тараптар 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында макроэкономикалык саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары жана ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдөгү 2015-2016-жылдарга каралган артыкчылыктарды талкуулашты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн макроэкономикалык жана валюталык – финансылык саясат, анын ичинде ЕАЭБ финансы институттарынын өз ара байланыштарын өнүктүрүү багыттары, Бирликте өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютада интенсификациялоо, ошондой эле макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча ыкмаларды туруктуу талкуулоону улантуу чечими кабыл алынган.

Отурумдун катышуучулары Комиссияга Евразия өкмөт аралык кеңешинин 2015-жылдын 29-майындагы №9 тапшырмасын аткаруунун алкагында, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча интеграциялык чаралар тууралуу баяндамада ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн макроэкономикалык жана валюталык- финансылык саясат чөйрөсүндөгү кызматташтыгын тереңдетүүнүн максатка ылайыктуулугун эске алууну сунуш кылышты.