Sign In
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитети ачык талкуу үчүн ЕАЭБтин транспортировкалоого жана (же) колдонууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газына жана магистралдык өткөрмө түтүктөргө техрегламенттеринин долбоорлорун жактырды

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитети ачык талкуу үчүн ЕАЭБтин транспортировкалоого жана (же) колдонууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газына жана магистралдык өткөрмө түтүктөргө техрегламенттеринин долбоорлорун жактырды

25.04.16

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитетинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) транспортировкалоого жана (же) колдонууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газына жана суюк жана газ сымал көмүрсуутектерди транспортировкалоо үчүн магистралдык өткөрмө түтүктөргө техникалык регламенттеринин долбоорлору жактырылды. Консультативдик комитеттин мүчөлөрү кеңири спектрдеги башка  маселелерди да карап чыгышты.

Отурумга Беларустун Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Валентин Татарицкий, Казакстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча  комитетинин төрагасынын орун басары Галымжан Дугалов, Россиянын Өнөр жай, соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана ченемдердин бирдейлигин камсыздоо жаатында мамлекеттик саясат департаментинин директору Константин Леонидов, көзкарандысыз эксперттер жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Валерий Корешков отурумдун катышуучуларына ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин жаңы директору, Консультативдик комитеттин жооптуу катчысы Арман Шаккалиевди тааныштырды. Буга чейин ал Казакстандын стандартташтыруу жана тастыктоо институтун жетектеген. Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө он жылдан ашык эмгектенет. Бажы биримдигинин, андан кийин Евразия экономикалык биримдигинин ченемдик укуктук базасын түзүүгө жигердүү катышкан.

Иш чаранын жүрүшүндө ЕЭК Министри Комиссиянын техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларын колдонуу маселелери боюнча консультативдик органынын курамын оптимизациялоо жана актуалдаштыруу зарылчылыгын белгилеп өттү. Валерий Корешковдун пикири боюнча, бул Консультативдик комитеттин жана анын комитетчелеринин ишинин ыкчамдуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берип, кабыл алынып жаткан чечимдердин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

ЕАЭБнын “Транспортировкалоого жана (же) колдонууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө” жана “Суюк жана газ сымал көмүрсуутектерди транспортировкалоо үчүн магистралдык өткөрмө түтүктөргө талаптар” техникалык регламенттеринин долбоорлору ачык талкууга чыгарылуу үчүн жактырылгандан тышкары, Консультативдик комитет Биримдиктин “Тамак аш продукциясы аны маркировлоо жаатында”, “Төмөнвольттуу жабдуунун коопсуздугу жөнүндө”, “Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги” “Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун ачык талкууга чыгаруу үчүн жактырды.  Биримдиктин Техникалык регламенттерди иштепчыгуунун, өзгөртүү киргизүүнүн жана жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобосунаылайык, мындай документтин долбоорун талкуулоонун мөөнөтү ЕЭКтин расмийсайтында аны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жайгаштырылган күндөн тартып 60 кемэмес күндү түзөт. Бир учурда аталган долбоорлор Армениянын Экономикаминистрлигине,​ Казакстандын улуттук экономика министрлигине, Кыргызстандын Экономика министрлигине жана Россиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлигине ДСУ эрежелерине ылайык нотификациялоо үчүн жөнөтүлөт.

Ошондой эле Консультативдик комитеттеги талкууну эске алуу менен Биримдиктин “Тамак-аш продукциясы менен байланышта болгон материалдардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентинин долбоорун жана ЕАЭБтин “Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентинин долбооруна №2 өзгөртүүлөрдү ЕЭКтин жумушчу топторунда кароо жана андан кийин ачык талкууга чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекет ичиндеги макулдашуунун жыйынтыктарын кароонун натыйжасы боюнча ЕЭК Коллегиясынын отурумуна багыттоо үчүн Биримдиктин төмөнкү техникалык регламенттеринин долбоорлору жактырылды: “Электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында кооптуу заттарды колдонууну чектөө жөнүндө”, “Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө”, Бажы биримдигинин “Жеңил өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине №2 өзгөртүүлөрдүн долбоору.

Биримдиктин “Көмүргө жана аны кайра иштетүүнүн өнүмдөрүнө талаптар” техникалык регламентинин долбоору, Биримдиктин “Сүттүн жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентине №2 өзгөртүүлөр, Биримдиктин “Жеңил өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине №1 өзгөртүүлөр, ЕАЭБтин “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциялардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентине №2 өзгөртүүлөр кошумча консультацияларды талап кылат, мында Евразия экономикалык биримдигинин ыйгарым укуктуу органдарынын эскертүүлөрү жана сунуштары эске алынат.

Мындан тышкары отурумдун алкагында бир жарым жыл мурда ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген, Биримдиктин техникалык регламенттерин иштеп чыгуунун жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн планына оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар каралды. Атап айтканда, Планга Биримдиктин “Жардыргыч заттардын жана алардын негизинде жасалган буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун киргизүү сунушталды. Ошондой эле ЕАЭБнын “Керектөөчүлөрдү энергияны керектөөчү электр түзүмдөрүнүн энергетикалык натыйжалуулугу туурасында маалымдоо жөнүндө” техрегламентинин долбоорун документтен алып салуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Консультативдик комитетте ЕАЭБнын “Төмөнвольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине ылайык төмөнвольттуу жабдууларды сертификаттоодо өндүрүштүн абалына анализ жүргүзүүнүн тартибине, төмөнвольттуу жабдуулардын сыноолорун бул техрегламенттин талаптарына ылайык өткөрүүнүн тартибине жана Беларустун Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан сунушталган, төмөнвольттуу жабдуулардын шайкештигин тастыктоонун тартибине байланыштуу маселелер каралды.

Консультативдик комитеттин отурумунда Биримдик мамлекеттеринин сунуштары боюнча дагы башка актуалдуу маселелер каралды. Мисалы, ЕАЭБтин “Темиржол кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламенти боюнча өткөөл мезгилди узартуу зарылдыгы жөнүндө. Буга байланыштуу Комиссияга беш жыл мурда кабыл алынган чечимге тийиштүү өзгөртүүлөрдүн долбоорун карап чыгуу менен  өткөөл мезгилди 2017-жылдын 2-августуна чейин узартуу сунушталды. Аталган техрегламент күчүнө киргенге чейин колдонууга берилген темиржол кыймылдуу курамы үчүн себилдегичтерди жана курам бөлүктөрүн колдонууга чыгаруунун тартибине байланыштуу, Беларустун жана Казакстандын мамбийлигинин ыйгарым укуктуу органдарына конкреттүү сунуштарды берүү көрсөтүлдү.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү улуттук милдеттүү талаптарга шайкештикти баалоо жөнүндө, Биримдиктин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти күчүнө кирген чейин кабыл алынган же берилген документтердин мөөнөттөрүн Казакстан үчүн узартуу мүмкүнчүлүгүн да карап чыгышты. Казакстандын ыйгарым укуктуу органдары мөөнөттөрдү узартуу зарыл болгон транспорт каражаттарынын санын жана моделдерин, конкреттүү даталарды көрсөтүү менен мөөнөттөрдү узартуу жөнүндө ЕЭКтин чечиминин долбоору боюнча сунуштарды берүүсү туурасында чечим кабыл алынды.  ЕЭК Коллегиясынын кароосуна киргизүү максатында мындай узартуулардын зарылдыгын негиздөө да сунушталат.

Консультативдик комитеттин отурумунда каралган социалдык маанилүү маселелердин бири ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын механикалык трансмиссия менен жабдууга жана мындай транспорт каражаттарын антиблокировкалык тормоз системасы менен милдеттүү жабдуу жөнүндө талапты жокко чыгарууга тийиштүү болду. Россиянын мамбийлигинин ыйгарым укуктуу органдарына Комиссияга Биримдиктин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ЕЭК Кеңешинин долбоорун сунуштоо көрсөтмөсү берилди.

Консультативдик комитет – Казакстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына Комиссиянын чечиминин долбоорун ЕЭКке тапшырууну сунуштоо тууралуу чечим кабыл алды, ал Биримдиктин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техрегламентин ишке киргизүү боюнча өткөөл мезгилди узартууну караштырат, мында  аларды оперативдүү кызматтардын шашылыш чакырыгынын түзүлүштөрү (системалары) менен жабдуу бөлүгү жөнүндө сөз болот, өткөөл мезгилди  узартуу Комиссиянын Коллегиясынын кароосуна кийинчерээк  киргизүү үчүн негизделет.

Отурумдун катышуучулары белгилеп өтүшкөндөй, техникалык регламенттерди натыйжалуу ишке ашырууну камсыздаган биринчи кезектеги милдет болуп, аларды колдонуу боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу саналат. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын бизнес-коомчулугуна толук маалымат берүү жана консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча күч-аракеттерин координациялоо, ошондой эле бул органдардын техникалык регламенттерди практикалык колдонуу боюнча өз ара иш алып баруусун өнүктүрүү зарыл.

Маалымат

Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 18-сентябрындагы №161 чечими менен түзүлгөн. ИшмердүүлүгүнКонсультативдик комитет жөнүндө жобого ылайык жүргүзөт. ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүүнү жана аталган чөйрөдө сунуштарды иштеп чыгууну камсыздаган консультативдик орган болуп саналат.