Sign In
ЕАЭБ рыногунда медициналык буюмдарды сатуучу-компаниялар чек арадагы "картелге" катышкандыгы үчүн айып пул төлөштү

ЕАЭБ рыногунда медициналык буюмдарды сатуучу-компаниялар чек арадагы "картелге" катышкандыгы үчүн айып пул төлөштү

25.02.21
Атаандаштык эрежелерин бузгандыгы үчүн соттолуучулардын айрымдары Беларусь Республикасынан ("Белвивад" ЖЧК жана "Ассомедика" ЖЧК) жана Россия Федерациясынан ("Евромакс" ЖЧК), ошондой эле алардын кызмат адамдары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бюджеттерине атаандаштыкка каршы келишимге катышкандыгы үчүн айып пул төлөштү.


Бул чара ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти тарабынан бир катар чарбалык субъектилерге жана Беларустун, Казакстандын жана Россиянын кызмат адамдарына карата жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аныкталды.

Тиешелүү чечим Комиссиянын Коллегиясы тарабынан 2020-жылы кабыл алынган. Мыйзам бузуу "Cochlear Limited" компаниясы тарабынан чыгарылган сүйлөө процессорлорунун европалык ири жеткирүүчүсү менен келишим түзгөн медициналык жабдууларды сатуучу-компаниялар, бул медициналык шаймандарды ар бири өз аймагында сатуу жөнүндө өз ара сүйлөшүп алышкандыгында болгон. Мындай аракеттердин кесепетинде, керектөөчүлөр товарды арзан баада тандап алуу мүмкүнчүлүгүнөн, ошондой эле кохлеардык продукцияны жеткирүүчүлөрдөн кепилдик жана кепилдиктен кийинки тейлөөнү алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

 
Маалымат

ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин № 19 протоколунун 17-пунктуна ылайык, айып пулдар укук бузуучулар Бирликтин аймагында катталган болсо, ошол мамлекеттин бюджеттерине төлөнөт.​