Sign In
ЕЭК жана Борбордук Америкадагы Экономикалык интеграция боюнча катчылык өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

ЕЭК жана Борбордук Америкадагы Экономикалык интеграция боюнча катчылык өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

25.02.21

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Борбордук Америкада Экономикалык интеграция боюнча катчылыгынын (СИЕКА) Башкы катчысы Мельвин Энрике Редондо уюмдардын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Кол коюу аземи 25-февралда видеоконференция форматында өткөрүлдү.

Документ ЕАЭБ мамлекеттери менен Борбордук Америкадагы Экономикалык интеграциянын кичи тутумундагы өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган. Тараптар өз ара соода, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, макроэкономика жана башка тармактарда кызматташууга ниеттенүүдө. Уюмдар тажрыйба алмашып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат жана биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде ишкер чөйрөлөрдүн катышуусунда өткөрүшөт.

Сергей Глазьев баса белгилегендей, географиялык жактан алыс экендигине карабастан, ЕАЭБ жана Борбордук Америка өлкөлөрү кызматташтыкты арттыруу үчүн чоң потенциалга ээ.

"Меморандумга кол коюу соода жана инвестициялык кызматташууну өркүндөтүү жана келечекте кошумча нарк түзүүнү глобалдык чынжырчаларга кошуу үчүн биринчи кадам болуп саналат. 2015-жылдан бери өз ара соода 22,6%га өстү. Татаал өткөн жыл деле экономикалык байланыштарга олуттуу терс таасирин тийгизген жок — өз ара соода 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы 2,4%га гана төмөндөгөн”, — деп белгиледи Сергей Глазьев.

ЕАЭБ жана СИЕКА өлкөлөрүнүн ишканаларынын деңгээлиндеги өз ара аракеттенүүнүн мисалы катары Сергей Глазьев россиялык-никарагуалык "С. Мечников атындагы латын америкалык биотехнологиялык ишканасын" келтирди, ал гриппке каршы биринчи вакцинаны каттаган. "Спутник V" вакцинасы азыркы учурда СИЕКАнын алты өлкөсүнүн үчүндө — Гватемала, Гондурас жана Никарагуада катталган. 2013-жылы россиянын капиталдын катышуусу менен түзүлгөн "Гватемалалык никель компаниясы" никель рудаларын иштетүүгө лицензия алган.

Өз кезегинде СИЕКАнын Башкы катчысы Мельвин Энрике Редондо меморандумга кол коюу — бул тарыхый окуя экендигин билдирди.

"Биз ЕЭКти экономикалык кызматташтыкта ​​стратегиялык өнөктөш катары көрөбүз. Биздин өз ара аракеттенүү жашоонун жогорку деңгээлине жана сапатына жетишүү үчүн экономикалык интеграциянын потенциалын пайдаланууга мүмкүндүк берет деп толук ишенебиз”, — деди СИЕКАнын Башкы катчысы.

Меморандумду ишке ашыруу үчүн, жакынкы аралыкта кызматташуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү пландалууда.

Кол коюу аземине Борбордук Америкадагы Экономикалык интеграциянын кичи тутумунун катышуучу-өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБ мамлекеттеринин Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчилери, ошондой эле РФтин Тышкы иштер министринин Латын Америка өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Александр Щетинин катышышты.

Маалымат


Борбордук Америкадагы Экономикалык интеграциянын кичи тутуму 1993-жылы октябрда түзүлгөн. Анын катышуучулары болуп Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама жана Эль-Сальвадор эсептелет.

Борбордук Америкада Экономикалык интеграция боюнча катчылык Кичи тутумдун техникалык жана административдик органы болуп эсептелет.​