Sign In
Сергей Глазьев жана ЕАЭБ Сотунун Төрайымы Эрна Айриян Стратегия-2025тин алкагында Бирликтин сот тутумун өркүндөтүү маселелерин талкуулашты

Сергей Глазьев жана ЕАЭБ Сотунун Төрайымы Эрна Айриян Стратегия-2025тин алкагында Бирликтин сот тутумун өркүндөтүү маселелерин талкуулашты

25.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун Төрайымы Эрна Айриян Стратегия-2025 жоболорун ишке ашыруу маселелерин, анын ичинде сот тутумун өркүндөтүүнүн келечегин талкуулашты. Жолугушуу 25-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттары 2020-жылдын 11-декабрында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген. Документте башка маселелер менен катар, Бирликтин сот тутумун өркүндөтүү боюнча жоболор камтылган. Алсак, Стратегия-2025те Бирлик Сотунун чечимдеринин милдеттүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу механизмин түзүү, сот тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, чарбалык субъектилердин арыздары боюнча талаш-тартыштарды кароо үчүн Бирликтин алкагында эл аралык арбитраждык сотту түзүү демилгесин иштеп чыгуу жана башка иштер каралат.

Сергей Глазьев Бирликтин мыйзамдарын өркүндөтүүгө ЕАЭБ Сотунун өкүлдөрүнүн катышуусу ишти сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.

"Биздин алдыбызда Стратегия-2025 жоболорун ишке ашыруу боюнча көптөгөн биргелешкен иштер турат, андыктан сиздердин ага жигердүү катышууга даярдыгыңыздарды кубаттайбыз. Бул Бирликтин өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча укуктук позицияларды өз убагында калыптандырууга мүмкүндүк берет”, — деп белгиледи Сергей Глазьев.

 

Эрна Айрияндын айтымында, Бирликтин Сотунун Стратегия-2025ти жүзөгө ашыруу боюнча көптөгөн сунуштары бар.

 

"Сотко болгон ишеним өсүүдө, чарбалык кылуучу субъектилер бизге көбүрөөк кайрыла башташты. 2020-жылдын декабрь айынын аягынан бери биз алардан төрт иш алдык. Практикалык көз караштан алганда, биз көп нерсени көрүп турабыз, ошондуктан биздин сунуштарыбыз стратегиянын көптөгөн тармактарына тиешелүү", — деди Эрна Айриян.

 

Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун өркүндөтүү боюнча биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин ырасташты.​