Sign In
ЕЭК Кеңеши балыктардын айрым түрлөрүнүн суримисине карата бажы алымдарынын нөлдүк коюмун белгиледи

ЕЭК Кеңеши балыктардын айрым түрлөрүнүн суримисине карата бажы алымдарынын нөлдүк коюмун белгиледи

25.02.20

Аталган коюм 2023-жылдын 30-апрелине чейин колдонулмакчы. Ал Bregmacerotidae, Euclichthyidae, Gadidae, Macrouridae, Melanonidae, Merlucciidae, Moridae и Muraenolepididae түркүмүндөгү балыктардан жасалган суримиге тиешелүү болот, минтайдан сырткары (Theragrachalcogramma).

Аталган товарларга карата нөлдүк коюм 2018-жылдын 2-майынан 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуп келген жана оң социалдык-экономикалык таасир алып келген.

Белорус тараптын маалыматтары боюнча, бул чара аталган республиканын балыкты кайра иштетүүчү ишканаларынын даяр продукцияны чыгаруу боюнча жүктөмүн продукциянын түрүнө жараша 4%–11%га жогорулатууга мүмкүндүк берди. 

Мындан сырткары, Бирликтин башка өлкөлөрүнө экспорт 60-80% деңгээлде сакталып турду. Балык суримиси аталган мамлекетке үчүнчү өлкөлөрдөн гана жеткирилет. Товардын импортунун үлүшү аны керектөө көлөмүнүн 100% түзөт.

Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.​