Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Иран Ислам Республикасынын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Джалали менен жолугушту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Иран Ислам Республикасынын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Джалали менен жолугушту

IMG09463.jpg
25.01.21

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 25-январда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Джалали менен жолугушту.


Өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген, ЕАЭБ жана анын мүчө мамлекеттери менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашууну ишке ашыруунун аспектилери, ошондой эле эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы туурасында сөз болду.


«Белгиленген тартипке ылайык, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин башчылары 2020-жылдын декабрь айында эркин соода аймагы жөнүндө келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алышты. Иран тарап бул ишке жигердүү кошулат деп ишенебиз. Менин оюмча, бизди жакшы перспективалар күтөт», — деп баса белгиледи Михаил Мясникович.  


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечеги жана өнөр жай, транспорт жана логистика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да пикир алмашышты.


Жолугушууга ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев катышты.​