Sign In
ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Нургүл Айтбаева дайындалды

ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Нургүл Айтбаева дайындалды

IMG09471.JPG
25.01.21

Нургүл Талгатовна Айтбаева 1988-жылы 5-августта Казакстан Республикасынын Акмола облусунда төрөлгөн.​ 2010-жылы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетин "Эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган, 2019-жылы Барселона Университетинде "Эл аралык экономикалык укук жана саясат" адистиги боюнча (IELPO) магистр даражасын алган.

Эмгек жолун 2010-жылы Астана шаарындагы "Соода саясатын өнүктүрүү борбору" акционердик коомунан баштаган, бул жерде ал эксперттин ассистентинен баштап, Дүйнөлүк соода уюму маселелери боюнча долбоорлордун жетекчисине чейинки жолду басып өткөн.

2019-жылы Дүйнөлүк соода уюму жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча долбоорлордун жетекчиси кызматына дайындалган.

2021-жылдын 25-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын соода саясаты департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалган.​