Sign In
ЕЭК министри Карине Минасян: “Өнөктөштүктү кеңейтүү, компетенцияларды топтоо жана бириктирүү- ЕККУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара пайдалуу кызматташтыгынын ачкычы”

ЕЭК министри Карине Минасян: “Өнөктөштүктү кеңейтүү, компетенцияларды топтоо жана бириктирүү- ЕККУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара пайдалуу кызматташтыгынын ачкычы”

25.01.18

Өнөр жай кооперациясы, транспорттук коридорлор, өндүрүмдөрдүн, жүктөрдүн, товарлардын санариптик көзөмөлдөнүлүшү сыяктуу чөйрөлөрдө, ошондой эле санариптик инфраструктуралардын байланышын жогорулатуу жана ишеним мейкиндигинин өнүктүрүү чөйрөсүндө  биргелешкен санариптик долбоорлор, жогорку технологиялар тармагында  Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча уюмунун (ЕККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өз ара аракеттенүүсү үчүн база болуп калат.
 
Бул туурасында ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Карине Минасян Венада (Австрия) 23-январда “Инновациялар, адам капиталын жана тийиштүү мамлекеттик жана корпоративдик башкарууну өнүктүрүү аркылуу ЕККУ регионунда экономикалык прогресске жана коопсуздукка көмөк көрсөтүү” 26-Экономикалык-экологиялык форумуна даярдык жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.
 
Комиссиянын жана ЕККУнун андан ары конструктивдүү кызматташтыгынын маанилүүлүгү тууралуу, эки бирикмени түзүү максаттарынын окшоштугун - өлкөлөрдү жана элдерди өнүктүрүү үчүн татыктуу шарттар менен камсыз кылууну  белгилөө менен ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян чыгып сүйлөгөндө  буга чейин билдирген.
 
“Санариптик экономикада өз ара аркеттенүүнү бир эле мезгилде кеңейткен жана тереңдеткен жана ошол эле убакта эгемендүүлүгүн коргоону камсыз кылган санариптик  кызматташтыктын ушундай ыкмаларын иштеп чыгуу, ЕККУнун аянтчасында талкуулоо үчүн борбордук маселелердин бири болуп калышы мүмкүн,” - деп белгиледи Карине Минасян “Санариптик экономика өз ара байланыштын өсүү жана жогорулатуунун айдоочусу катарында” сессиясында сүйлөп жатып.
 
Талкуулоонун катышуучулары Биримдиктин мамлекеттеринин туруктуу өкүлдөрүн кошуп алганда, ЕККУнун аянтчасында жана эл аралык деңгээлде кызматташусунун күн тартибине киргизүүгө боло турган экономиканы санариптик трансформациялоонун маанилүү маселелери боюнча өздөрүнүн көз карашын билдирди. 
 
Карине Минасян, ЕАЭБтин бардык өлкөлөрү ЕККУнун мүчөлөрү болуп саналарын жана санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн  мамлекеттик программаларын жана стратегияларын жигердүү өнүктүрүп, ЕАЭБтин санариптик күн тартибине синхрондуу болуп жатышкандыгын белгиледи. Бул, биринчи иретте санариптик экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө эки бирикменин өз ара аракеттенүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.
 
Кыйла артыкчылыктуу багыттар катары, ЕККУга караштуу ЕАЭБ мамлекеттеринин делегацияларынын жана туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, трансчегаралык тоскоолдуктардын төмөндөшү, инфраструктуралардын байланыштуулугун жогорулатуу, интероперабелдүүлүк менен байланышкандарды бөлүп көрсөтүштү. Транспорттук коридорлор, санариптик өнөр жай кооперациясы, өндүрүмдөрдүн, жүктөрдүн, товарлардын көзөмөлдөнүүсү сыяктуу  чөйрөдөгү, ошондой эле жалпы ишеним мейкиндигин түзүү боюнча долбоорлорду эл аралык консорциумдарды түзүү аркылуу өнүктүрүүгө болот.
 
Өз ара кызыкчылык, тең укуктуу өнөктөштүк, компетенциялардын өз ара толуктоочулугу, кызыкдар  катышуучулар (бизнестин, илимий институттардын жана башка компетенциялардын борборлорунун өкүлдөрү) менен кеңири диалог биргелешкен долбоорлордун негизи болуп саналат. 
 
Эл аралык санариптик кооперацияны жана чийки заттык эмес жогорку технологиялык чөйрөлөрдө кызматташтыкты жигердендирүү - Биримдиктин санариптик күн тартиптин алкагындагы артыкчылыктарынын бири. ЕЭК үчүнчү мамлекеттер менен иштөөдө өз ара аракеттенүү процессин түзүү үчүн, ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын (платформаны) пайдаланууну; интероперабелдүү жана өтмө, тоскоолдуксуз экономикалык мамилелерди камсыз кылуу үчүн эл аралык стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууда ЕАЭБ мамлекеттеринен эксперттерди жигердүү киргизүүнү; бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Биримдиктин өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен санариптик мейкиндикте тобокелдикти азайтуунун механизмдерин иштеп чыгууну жана жайылтууну  пландаштырууда. 
 
Маалымдама

Экологиялык-экономикалык форум 2018-жылы 26-жолу өткөрүлүп жатат. Ага форумдун күн тартибинин артыкчылыктуу маселелери боюнча көз карашты бекемдөөгө мүмкүндүк берген даярдык жолугушуулары жол ачат. Италиянын ЕККУда төрагалык кылган 2018-жылы, экономиканы санариптик өзгөртүп түзүү ЕККУнун аянтчасында талкуулоо үчүн артыкчылыктуу темасы болуп жарыяланды. Ал өзүнчө багыт катары бул аянтчада биринчи сунушталган.