Sign In
ЕАЭБ жана Индия мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

ЕАЭБ жана Индия мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

24.03.21

Евразия экономикалык комиссиясы менен Индиянын ортосундагы кеңири күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүү маселелери ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьевдин жана Индия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Б. Венкатеш Варма менен жолугушуусунун жүрүшүндө көңүл борборунда болду. Сүйлөшүүлөр 23-мартта ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Тараптар БРИКС жана ШКУ сыяктуу интеграциялык бирикмелердин аянтчаларында Индия менен Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгын талкуулашты жана "Түндүк — Түштүк" эл аралык транспорттук коридор долбоорунун алкагында диалогду бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилеп өтүштү.

Сергей Глазьев ЕАЭБ менен Индиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы келечектүү багыттарын белгиледи. 

“Бирлик менен Индиянын ортосундагы кызматташтык эбегейсиз потенциалга ээ жана бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарына жооп берет. Кызматташтык өз ара иштешүүнүн жаңы чөйрөлөрүнүн эсебинен гана жигердештирилген, — деп баса белгиледи ЕЭК министри. — Бүгүнкү күндө товарлардын соодасына гана эмес, кызмат көрсөтүүлөргө да көңүл буруу, ошондой эле санариптик чечимдерди жана жаңы технологияларды колдонгон долбоорлорго артыкчылык берүү менен кызматташуунун келечектүү багыттарына инвестицияларды тартууга көмөктөшүү маанилүү".

Сергей Глазьев ЕАЭБ өлкөлөрү менен Индия Республикасынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп, бардык интеграциялык демилгелердин негизги пайда алуучусу бизнес экендигин белгиледи. ЕЭК министри Индиянын өкмөттүк жана ишкер чөйрөлөрүн 2021-жылдын май айында Нур-Султан шаарында өтө турган Евразиялык форумга катышууга чакырды.

Өз кезегинде Д.Б. Венкатеш Варма ЕЭКке биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды жүзөгө ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Комиссиянын өкүлдөрүнүн жакында болуп өткөн “Россия — Индия — ЕАЭБ" конгрессине катышкандыгын белгиледи. "Евразия экономикалык бирлиги Индия үчүн артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири болуп саналат, бул кызматташтык биздин өлкөнүн ар бир мүчө мамлекет менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Биздин диалогдун маанилүү форматы — эркин соода аймагы жөнүндө келишим боюнча сүйлөшүүлөр процесси. Ошол эле учурда, биз үчүн ЕАЭБ менен маселелердин кененирээк спектри боюнча кызматташууну да тереңдетүү зарыл экендиги анык", - деп билдирди элчи.

Маалымат

2020-жылы ЕАЭБ менен Индия Республикасынын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү болжол менен 12,4 млрд АКШ доллары түзгөн, анын 8,3 млрд АКШ доллары - экспорт жана 4,1 млрд АКШ доллары - импорт. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Индия менен соода жүгүртүүсүнүн негизги үлүшү Россия Федерациясына туура келет — 74,6% (9,26 млрд АКШ доллары). Казакстан Республикасынын үлүшүнө 19,1% (2,37 млрд АКШ доллары), Беларусь Республикасына — 4,7% (575,83 млн АКШ доллары), Армения Республикасына — 1,3% (160,74 млн АКШ доллары) жана Кыргыз Республикасына — 0,3% (46,47 млн АКШ доллары) үлүш туура келет.