Sign In
ЕЭК жасалма вискоза булаларынын айрым түрлөрүнө карата алымдарды бир жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрдү

ЕЭК жасалма вискоза булаларынын айрым түрлөрүнө карата алымдарды бир жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрдү

24.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 23-декабрда жасалма вискоза булаларынын айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымынын коюмун 2021-жылдын 31-декабрына чейин 5%дан 0%га чейин төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Каралып жаткан товарлар табигый целлюлозаны химиялык иштетүүнүн натыйжасында алынган жана жеңил өнөр жайда токулбаган материалдарды, тиричилик жана гигиена буюмдарын, бир жолу кийилүүчү технологиялык кийимдерди өндүрүүчү үчүн колдонулган булалар болуп саналат.

Учурда аталган булалар Евразия экономикалык бирлигинде өндүрүлбөйт. Ошол эле мезгилде Беларусь, Казакстан жана Россиядагы ири керектөөчүлөр жыл сайын өндүрүш кубаттуулуктарына жүктөмдү көбөйтүп, даяр продукциянын өндүрүшүн өстүрүүдө. Мындан сырткары, Бирликтин аймагында ным салфеткалардын жана токулбаган материалдардын жаңы өндүрүшүн уюштуруу боюнча бир нече долбоор ишке ашырылууда, ошондой эле толук цикл заводун ачуу пландаштырылууда.

"Чечим токулбаган материалдардын жана гигиена буюмдарынын өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган. Ал өндүрүштү өнүктүрүүгө, чыгымдарды азайтууга, рентабелдүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле Бирликтин ишканаларынын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Бирликтин аймагында мындай чара буга чейин колдонулган жана өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн", – деп ЕЭКтин Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян баса белгиледи.

Чаранын аракетинин убактылуу мүнөзү 2022-жылга чейин Бирликте вискоза булаларынын жеке өндүрүшүн уюштуруу пландаштырылгандыгы менен шартталган.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.​