Sign In
ЕАЭБде продукцияны сертификаттоодо убактылуу чаралар киргизилди

ЕАЭБде продукцияны сертификаттоодо убактылуу чаралар киргизилди

24.12.20

Жалпы рынокто продукциянын тартыштыгынын алдын алуу жана пандемиянын бизнес үчүн кесепеттерин азайтуу үчүн ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде продукциянын шайкештигин баалоонун атайын жол-жоболорун киргизиди. Бул бир жылдык мөөнөткө киргизилип жаткан убактылуу чаралар жана алар сериялуу чыгарылуучу продукцияны сертификаттоодо колдонулат.

Мындай чечимдин зарылчылыгы пандемиянын узакка созулган мүнөзүнө жана өлкөлөрдүн ортосунда орун которуштурууга чектөөлөрдүн киргизилгендигине байланыштуу. Убактылуу чаралар пандемия шарттарында экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү боюнча демилгелердин жаңы пакетин иштеп чыгуунун алкагында сунушталган.

Аталган документ ЕАЭБде пандемия шарттарында продукциянын шайкештигин баалоо боюнча бирдиктүү жол-жоболорду белгилейт жана ушул жылдын апрель айында Бирликтин укугунун алкагында Комиссия тарабынан сунушталган иш-чаралардын уландысы катары иштелип чыккан.

Атап айтканда, Бирликтин өнөр жай комплексине приоритеттүү инфраструктуралык долбоорлорду же жаңы өндүрүштүк линияларды уюштуруу үчүн зарыл болгон, техникалык жактан татаал продукцияны аккредиттөө жана сертификаттоонун эл аралык тутумдарынын алкагында берилген сыноолордун протоколдорун колдонууга уруксат берилет.

Сертификаттоо жол-жоболорун жеңилдетүүчү негизги аспап алыстан баалоо болуп калмакчы. Бул, сертификаттоо боюнча органдын эксперттери тарабынан видео-конференц-байланышты колдонуу менен өндүрүш жайына баруусуз же продукциянын үлгүлөрүн алуусуз өндүрүштүн абалын талдоону, ошондой эле продукцияны идентификациялоону жана тандап алууну камсыз кылган, аралыктык ыкма болуп саналат. Алыстан баалоону колдонуу тартиби жана шарттары аныкталган.​