Sign In
ЕАЭБде Тамеки продукциясына акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууга кол коюлду

ЕАЭБде Тамеки продукциясына акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Тимур Жаксылыков Член Коллегии (Министр) по экономике и финансовой политике.jpg
24.12.19

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери Тамеки продукциясына акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Документке 19-декабрда Санкт-Петербургда кол коюлду. 

Аталган макулдашуу тамекилерге акциздердин коюмдарын шайкеш келтирүүгө жана ошону менен ЕАЭБде тамеки продукциясынын рыногунун иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк бермекчи.

2024-жылдан тарта тамекилерге акциздердин коюмдарын эсептөөдө ЕАЭБ өлкөлөрү азыраак же көбүрөөк жагына 20%дан көп эмес четтөө менен, 1 миң тамекиге €35 өлчөмдөгү индикативдик коюмду колдонушмакчы. Бизнестин жаңы талаптарга ийкемделиши үчүн индикативдик коюмга жетүү мөөнөтү катары 2020-жылдан 2024-жылга чейинки мезгил аралыгы аныкталды.

"Учурдагы коюмдардагы чоң айырма Бирликтин өлкөлөрүндө тамеки продукциясынын улам өсүп жаткан мыйзамсыз агымынын негизги себеби болууда. Тамекилерге акциздик коюмдарды акырындык менен жана баскычтар боюнча шайкеш келтирүү мыйзамсыз тамеки рыногунун өнүгүшүн басаңдатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, аталган шайкеш келтирүү тамеки продукциясы менен өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмдөрүн чоңойтуу үчүн жакшы шарттарды түзөт, бизнес үчүн бирдей атаандаштык шарттардын болушуна жана акциздерден бюджеттик келип түшүүлөрдүн өсүшүнө өбөлгө түзөт, мыйзамдуу товар жүгүртүү үчүн шарттарды жакшыртат. Тамеки продукциясына карата индикативдик коюмдун киргизилиши жана ага жетүү үчүн беш жылдык мезгилдин белгилениши бизнести орто мөөнөттүү перспективага пландоого өбөлгө түзмөкчү", – деди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков.

Ошондой эле, Бирликтин мамлекеттери ЕЭК Кеңешине индикативдик коюмду жана кезектеги беш жылдык мезгилге карата четтөөлөрдүн диапазонун бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды беришти. Мындан сырткары, улуттук валюталардын курстарынын кескин өзгөрмөлүүлүгү орун алган учурлар үчүн консультативдик механизм киргизилүүдө.​