Sign In
Вероника Никишина: "Бизнес – жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүдөгү негизги кыймылдаткыч күч болуп саналат"

Вероника Никишина: "Бизнес – жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүдөгү негизги кыймылдаткыч күч болуп саналат"

Фото-Верона.png
24.10.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина Верона шаарында (Италия) болуп өткөн XII Евразия экономикалык форумунун алкагындагы "Бизнестин заманбап геосаясаттагы конструктивдүү ролу" деп аталган сессияда тез өзгөрүп жаткан жалпы дүйнөлүк коньюктура жана анын бизнеске таасири тууралуу айтып берди.

ЕЭК министринин пикири боюнча, учурдагы түрүндөгү глобалдаштыруу, биринчи кезекте, өзүнүн рынокторун кеңейтүүгө, оюндун туруктуу жана алдын ала айтууга боло турган шарттарын камсыз кылууга, чек ара аралык сооданын жана кооперациянын оптималдуу чынжырларын түзүүгө умтулган бизнестин аркасында мүмкүн болду. Протекционисттик саясат күчөп жаткан, жана натыйжа катары, жаңы соода тоскоолдуктары пайда болуп жаткан чурдагы жагдайда, глобалдык рынокто иштеп жаткан бизнес эң көп зыянга учуроодо.

Министр, эгер мурда туруктуулуктун белгилүү бир кепилдиги – бааары алардын алкагында иштөөгө умтулган чектер – БСУнун эрежелери жана соода макулдашуулары болгон болсо, азыркы учурда бул кепилдиктер бошоңдоп калды, натыйжаларын алдын ала айтууга мүмкүн болбогон өзгөрүүлөр орун алууда деп баса белгиледи.

"Биздин милдет – эң аз дегенде биздин континенттеги жагдайды кантип турукташтыруу керек экендиги тууралуу ойлонуп көрүү. Кантип биздин бизнеске эртеңки күнгө көбүрөөк ишеним берүү", – деди Вероника Никишина.

ЕЭК министринин пикири боюнча, эл аралык милдеттенмелерде бекитилген кызматташтыктын туруктуу шарттарын түзүү, иштөө шарттары узак мөөнөттүү перспективага белгиленген бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү мындай сурамга айкын жооп болушу мүмкүн. 
"Лиссабондон Владивостокко чейинки жалпы мейкиндикти сөз менен эмес, иш жүзүндө түзүү анын бардык катышуучуларынын жыргалчылыгын жана глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатышы мүмкүн, айрыкча дүйнөлүк рынокто күчөп келе жаткан "эгоизм" шарттарында", – деди Вероника Никишина.

ЕЭК министринин пикири боюнча, географиялык жана логистикалык өз ара байланыштуулукту, өнөктөштүк мамилелердин чоң тажрыйбасын жана көбүнүсе бирин бири толуктаган экономикаларды эске алуу менен, ЕАЭБдин жана ЕБнын ортосундагы өз ара аракеттенүү чоң потенциалга ээ.

Бүгүнкү күндө саясий жактан алганда Европа бирлиги менен мындай экономикалык мейкиндикти түзүүнүн мүмкүн эместигине карабасатан, ЕБ менен кызматташтык өнүгүшү зарыл деп эсептейт ЕЭК министри.
"Евразия экономикалык комиссиясы иш жүзүндөгү ЕБ – ЕАЭБ мамилелерине пайда алып келүү үчүн жетишерлик компетенцияларга жана ресурстарга ээ. Биз саясатты талкуулоону каалабайбыз, биздин максат – эки тараптын тең бизнесине алдын ала айтууга боло турган жана жайлуу шарттарда иштөөгө жардам берүү", – деди Вероника Никишина.

Ошондой эле, сессияда Россия жана Белоруссия Бирлик мамлекетинин мамлекеттик катчысы Григорий Рапота, ЖЭМ УИУнун дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканы Сергей Караганов, ЕБ Комиссиясынын эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Башкы директоратынын башчысы Стефано Мансервизи, саясат таануучу жана Португалиянын Европа иштери боюнча мамлекеттик катчысы (2013–2015-ж.) Бруно Масаиш, ЕБ Комиссиясынын Чакан жана орто ишканалар үчүн аткаруучу агенттигинин департаментинин директору Маттиа Пеллегрини, Эл аралык тынчтык фондунун (Австрия) консультативдик башкармасынын төрагасы Альфред фон Лихтенштейн, Европа бизнесинин ассоциациясынын башкы директору Франк Шауфф, Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Александр Шохин катышышты.