Sign In
Товарлардын, капиталдын, жумушчу күчтүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттардын түзүлүшү ЕАЭБдин мамлекеттеринин экономикалык өсүшү үчүн күчтүү импульс болууда

 Товарлардын, капиталдын, жумушчу күчтүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттардын түзүлүшү ЕАЭБдин мамлекеттеринин экономикалык өсүшү үчүн күчтүү импульс болууда

24.09.19
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн (министринин) катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев «Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге беш жыл: Соттун ролу» деп аталган эл аралык конференцияда билдирди. Аталган иш-чара 19–20-сентябрда Минскте (Беларусь Республикасы) болуп өттү.

Аскар Кишкембаев конференциянын катышуучуларына 2010-жылдын 1-январынан тарта Бирдиктүү бажы тарифин жана Бажы бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасын киргизүү жөнүндө чечимден баштап, евразиялык интеграциянын укуктук базасынын калыптанышы тууралуу айтып берди. Аны менен Беларусь, Казакстан жана Россиянын Бажы бирлигинин жана үч өлкөнүн бирдиктүү товарлар рыногунун иштеши үчүн укуктук шарттар түзүлгөн.

Ошондой эле, 2014-жылда Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге кол коюу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыноктору түзүлгөн. 

«Бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун режими 53 секторго жайылтылып, өндүрүлүп жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн 57% чамасындай үлүшүн камтыйт. Стратегиялык максат – 2025-жылга чейин бирдиктүү рыноктун 63 кызмат көрсөтүүлөр секторунда иштеши», – деди Аскар Кишкембаев.

Ал Комиссиянын Бирликтин алкагында капиталдын эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча ишине өзгөчө токтолуп өттү. Жалпы каржы рыногун 2025-жылда аракетке киргизүү пландаштырылууда.

ЕЭК өкүлү Комиссия ЕАЭБдин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун долбоорунун үстүнөн ишти аяктоодо деп баса белгиледи. Аталган документ Бирликтин эмгекчилеринин пенсиялык укуктарын түзүүгө, сактоого жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Комиссиянын жана ЕАЭБдин мамлекеттеринин приоритеттүү милдеттеринин бири – Бирликтин ичинде өз ара сооданы өнүктүрүү, катышуучу өлкөлөрдүн бизнеси үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн учурдагы тоскоолдуктарды, бөгөттөрдү жана чектөөлөрдү жоюунун үстүнөн иштөө. 

«Товарлардын, капиталдын, жумушчу күчтүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттардын түзүлүшү ЕАЭБдин мамлекеттеринин экономикалык өсүшү үчүн күчтүү импульс болууда. Бүгүнкү күндө Бирликтин өлкөлөрү ИДӨнүн, өнөр жай өндүрүшүнүн, тышкы жана өз ара сооданын өсүшүнүн оң темптерин көрсөтүшүүдө. Андан да маанилүүсү, товар жүгүртүүнүн түзүмү өзгөрүүдө, анда чийки зат менен соода жүргүзүүнүн үлүшү азаюуда жана орто аралык керектөө үчүн да, аяккы да керектөө үчүн да иштетилген продукциянын үлүшү көбөйүүдө», – деп Аскар Кишкембаев жыйынтыктады.