Sign In
ЕЭК медициналык томографтарды ташып киргизүү жол-жобосун жеңилдетти

ЕЭК медициналык томографтарды ташып киргизүү жол-жобосун жеңилдетти

IMG09943.jpg
24.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы аларды ташып киргизүүдө уруксат берүүчү документтер көрсөтүлбөгөн, жарандык максаттар үчүн радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы шаймандардын тизмесин кеңейтти.

Атап айтканда, тизмеге магниттик-резонанстык томография жана медициналык колдонуудагы МРТ тутумдары кошулду. Мындан тышкары, радио толкундарын чыгаруучу түзмөктөрдү камтыбаган, радио кабыл алуучу каражаттарды пайдалануунун конкреттүү максаттары алынып салынган.

"Бул шаймандарды пайдалануу кедергилерди жаратпайт. Ошондуктан, бүгүнкү чечим ашыкча административдик процедураларды алып салат жана бажылык декларациялоо убактысын кыскартат, ошол эле учурда радиожыштык спектрин колдонуунун коопсуздугуна зыян келтирбейт", - деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Анын айтымында, жактырылган өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагында ишкердик ишмердикти жүргүзүүнүн шарттарына оң таасирин тийгизет, ошондой эле керектүү жабдууларды жеткирүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.