Sign In
Михаил Мясниковичтин Казакстан Республикасына иш сапары

Михаил Мясниковичтин Казакстан Республикасына иш сапары

24.02.20

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Казакстанга иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын даярдоо, ЕАЭБдин алкагында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү базасын өркүндөтүү, ошондой эле ЕЭКтин ишинин регламентин сактоо маселелери талкууланды. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюуга өзгөчө көңүл бөлүндү.

Казакстандын Президенти Михаил Мясниковичти анын жаңы кызматка келиши менен куттуктады.

"Сиз Беларусь өкмөтүнүн жетекчиси, парламенттин жетекчиси жана Илимдер академиясынын президенти катары өзүңүздүн бай тажрыйбаңызды пайдалануу менен, Евразия экономикалык бирлигинин бул маанилүү органынын ийгиликтүү ишмердигин камсыз кылуу үчүн болгон бүт билимиңизди жана компетенцияңызды көрсөтүшүңүзгө бизде эч шек жок", – деди Касым-Жомарт Токаев.

Михаил Мясникович Президентке ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кызматына анын кандидатурасын кароодо көрсөткөн жогорку ишеними үчүн ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле өзүнүн бул кызматтагы ишинин приоритеттери жөнүндө айтып берди.

Эскерте кетсек, эртең Михаил Мясниковичтин Элбашы Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда.

 ​