Sign In
ЕЭК Коллегиясы Беларуста социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн узартууну жактырды

ЕЭК Коллегиясы Беларуста социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн узартууну жактырды

24.03.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 23-мартта Беларусь Республикасында социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салууну 2021-жылдын 29-июнуна чейин узартуу жөнүндө макулдашты.

Мындай товарлардын тизмегине 18 позиция кирет: сүт азыктары, эт, ак май жана күн карама майы, балдар тамагы, картофель, дан азыктары жана башкалар.

ЕЭК Коллегиясынын чечими COVID-19 инфекциясынын жайылышынан улам бир катар мамлекеттер тарабынан чектөөчү чаралар киргизилгендигине байланыштуу, азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалар жогорулаган шартта, республикада социалдык маанилүү товарлардын баасынын спекулятивдик өсүшүн алдын алууга жардам берүүсү күтүлөт.

ЕЭК Коллегиясынын чечими кабыл алынгандан мурда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Комиссиянын монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин консультациялары өткөрүлгөн, алар белоруссиялык тараптын сунушун колдошкон.