Sign In
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумуна комплекстүү экспертизанын жүргүзүлүшүн жактырды

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумуна комплекстүү экспертизанын жүргүзүлүшүн жактырды

23.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши тутумду модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) 2025-жылга чейинки санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашырууда учурдагы аспаптарды жана сервистерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн талдоо үчүн интеграцияланган маалыматтык тутумга (ИМТ) комплекстүү техникалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө тескемени кабыл алды. Аталган демилге интеграцияланган маалыматтык тутумду өнүктүрүү жана модернизациялоодогу мүмкүн болгон жаңы мамилелерди иштеп чыгууга багытталган.

ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян Бирликтин өлкөлөрү жана Комиссия тутумду түзүү жана өнүктүрүү боюнча чоң иш жасагандыгын белгилеп өттү. Бирок акыркы жылдарда долбоордун өнүгүү темптеринин басаңдашы байкалууда. Өнөр жайлык МТ-чечимдердин жашоо циклин эске алуу менен (орточо алганда беш жыл), ИМТны өнүктүрүү жана модернизациялоодогу жаңы мамилелерди түзүү үчүн тутумдун учурдагы абалына комплекстүү экспертиза жүргүзүү зарыл.

"Комплекстүү техникалык экспертизанын алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү зарыл – бул техникалык камсыздоону экспертизалоо, укуктук актыларды талдоо, мындай татаал, масштабдуу, мамлекеттер аралык долбоор үчүн долбоордук башкаруунун жаңы мамилелерин иштеп чыгуу, ошондой эле ИМТнын өнүгүүсүн аныктаган Бирликтин стратегиялык багыттарын карап чыгуу", – деди Гегам Варданян.

Кабыл алынган чечимдин алкагында ЕЭК ИМТга комплекстүү техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн иштердин аткаруучусун аныктоо боюнча конкурс уюштурмакчы. Конкурста Бирликтин бардык катышуучу өлкөлөрүнүн уюмдары катыша алышат.

Тескемеге ылайык, 2021-жылдын I кварталынын аягына чейин Комиссиянын Коллегиясына ИМТга комплекстүү техникалык экспертизанын натыйжалары жөнүндө маалыматты, анын ичинде аны өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча сунуштамаларды көрсөтүү, андан кийин ЕЭК Кеңешине иштерди аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчёт берүү пландаштырылууда.

Маалымат

Интеграцияланган маалыматтык тутум (ИМТ) – бул жалпы процесстерди ишке ашыруу үчүн маалыматтык өз ара аракеттенүүнү, маалыматтарды жана электрондук документтерди мамлекеттер аралык алмашууну, ошондой эле Бирликтин органдарынын ишмердигин камсыз кылган геобөлүштүрүлгөн маалыматтык тутум. Долбоордун идеясы 2009-жылда сунуш кылынган. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 21-октябрындагы тийиштүү чечиминде бул тутум "Бажы бирлигинин тышкы жана өз ара соодасынын интеграцияланган маалыматтык тутуму (ТӨСИМТ)" деп аталчу. 2014-жылда Бирлик жөнүндө келишимде ТӨСИМТнын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизинде Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумун түзүү, анын иштөөсүн камсыз кылуу жана өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы 80 ашуун жалпы процесстер автоматташтырылууга тийиш деп белгиленген. Алты жылдын ичинде болгону 19 процесс автоматташтырылган.​